Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылындагы бала бакчанын башчысы К.А. пара алып жаткан учурда кармалган. 2012-жылдын 14-сентябрында Аламүдүн районунун прокуратурасына аталган айылдын П.Г. аттуу жашоочусу бала бакчанын башчысы К.А. небересин бала бакчага орноштуруу үчүн белекке чаң соргуч талап кылгандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган. Ушундай эле мүнөздөгү арыз Ш.Б. аттуу жарандан да түшүп, анда бала бакчанын башчысы кызын бакчага орноштуруу үчүн 2000 сом талап кылган. Арыз ээлеринин кайрылуусунун негизинде иш-чара уюштурулуп, 17-сентябрь күнү бала бакча башчысы чаң соргуч жана 2000 сомду пара иретинде алуу учурунда кармалган. Учурда ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.