Мындай маалыматты КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди. Өкмөт башчысынын тапшырмасы менен Чүй облустук кургак учукка каршы бейтапканасына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 миллион сом каражат бөлүнөт. Аталган имарат 1957-жылы курулуп, жалпы 60 орундуу 16 палатадан турат. Ал эми жергиликтүү тургундар оорулуулардын көпчүлүк учурда медициналык мекеменин аймагынан сырткары ээн-эркин жүргөндүгү тынчсыздануусун жаратып жаткандыгын белгилешти. Андыктан бул мекемеде көзөмөлдү күчөтүүнү жана аны өзгөчө коргоодо турган мекемелердин катарына кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранышты. Буга карата өкмөт башчы бул жагдайдын мыйзамга туура келбестигин, бирок чечүүгө аракет кыларын айтып өттү.