Учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча ар кандай демилгелер көтөрүлүп, түрдүү сындар айтылууда. Сентябрь айларында Сузак райондук депутаттардын кезектеги сессиясында Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча маселе каралып, талкууланмакчы. Чечим кабыл алынган соң бул сунуш өкмөткө, Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Бул демилге тарыхый зарылдыктан улам болуп жатканын баса белгилейт райондук Кеңештин төрагасы Б.Ибрагимов. Эгерде ал демилгелер иш жүзүнө ашчу болсо, анда Жалал-Абад шаарынын аты Көк-Арт деп өзгөртүлөт.