Жалал-Абад шаарына караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Сейитказы айылында курулуш иштери бүттү. Колдонууга берилген көпүрө 1992-жылы курулган. Былтыркы жылы селдин натыйжасында кулап калуу коркунучу астында турган көпүрөгө райондук администрация тарабынан калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул түзөтүү иштери май айында башталып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каржыланган.