Сузак районуна караштуу өзбек тилдүү Дома ата атындагы мектептин музыка мугалими М.Мамадинов КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлык мугалимдин мектеп окуучуларына кыргыз маданиятын, тилин, музыкасын үйрөтүүдөгү көп жылдык эмгеги үчүн берилди.
Облустук кыргыз тили комиссиясынын маалыматы боюнча, М.Мадаминов Мамлекеттик тил күнүнө карата бир жыл ичинде бир нече иш-чараларды өткөрүп, өзбек улутундагы мектеп окуучуларына мамлекеттик тил жөнүндө гимнди өзбек улуттук аспабынын коштоосунда кыргызча жогорку деңгээлде ырдатууга жетишкен.