Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун жергиликтүү эли А.Жарымбетов аттуу соттун судьясын сабап салышкан. Эмне себептен судья элдин токмогуна дуушар болду?
2012-жылдын 16-сентябрында Ала-Бука райондук сотунун судьясы А.Жарымбетов КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-3-пункттары) негизинде айыпталуучу Р.Эгембердиев жана Ш.Эгембердиевдин арызын карап, жогорудагы айыпталгандарды үй камагына бошоткон. Камалган жигиттер үй камагына чыгарылгандан соң сабалган жигиттин ата-энеси нааразычылыгын билдирген. Көрсө, өзбек улутундагы Р.Эгембердиев менен Ш.Эгембердиев кыргыз жигитти сабап салышкан. Ал 3 күн оор абалда жаткан. Ошол учурда жогоруда аты аталгандар үй камагына чыгарылганда, тагыраак айтканда, 25-сентябрь күнү саат 11-12лер чамасында 100гө чукул кыргыз улутундагы адам камалгандардын жазасы жеңилдетилгенине кыжырданып, судьянын иш бөлмөсүнө кирип барган. Жумуш ордунда отурган жеринен судья А.Жарымбетовду эшикке сүйрөп чыгышкан. Милицияга да баш бербеген эл аны ур-токмокко алган. Учурда судьянын «баш-мээси чайкалган» деген диагноз менен аймактык ооруканада экени айтылууда. Бул тууралуу кийинки сандарда кенен маалымат беребиз.