Жалал-Абад облусунда 2012-жылда 8 ай аралыгында жашы жете элек өспүрүмдөр катышкан 46 кылмыш иши катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу көп. Учурда мындай иштердин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик облустагы жашы жете электер менен иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү инспекция 440 өспүрүмдү каттоого алды. Мындан тышкары жыл башынан бери облус боюнча «Допинг», «Камкордук», «Мектеп» жана башка ушул сыяктуу аталыштагы 268 кайгуул иштери жүргүзүлгөн.Жыйынтыгында мыйзам бузган 662 өспүрүм кармалган.