Жалал-Абаддан 80 чакырым алыс турган тоолуу Кызыл-Суу айылында фельдшер-акушердик түйүн ачылды. Аталган түйүн мындан беш жыл мурун селдин кесепетинен жарактан чыгып калган. Оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражатты Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы бөлүп берди. Кызыл-Суу айылында 871 адам жашайт.