Дайыр Исмадияров 1-2-октябрда Нарын шаарында, Нарын драма театрында сахналаш достору менен концерт берет. Ырчыны кеченин алдында кепке тарттык.
– Дайыр, Нарын жергесине концерт коюп келгени жатыптырсың, даярдыктар кандай?
– Жакшы, рахмат. Мурунку жылдарга караганда быйыл өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, сахнанын жасалгаланышы жана жаңы-жаңы ырларым менен Нарын жергесин кубантам деп турам.
– Сени коштогон ырчылар кимдер болду экен?
– Келбегениме үч жылдан ашык убакыт болуп калды. Ошондуктан катуу даярданып жатам. Көптөн бери уктай элекмин (күлүп). Сахналаш досторум Нурмат Садыров, Иса Өмүркулов, Айдин Шер, Асел Касымова жана Арман катышат. Жөн эле концерт койбостон, сахналаштарымдын башын бириктирип, достук мамилени бекемдөө максатында уюштуруп жатам.
– Адаттагыдай жеңилдиктер барбы, балким, студенттерге?
– Билет баасы 100 эле сом болгондуктан, жеңилдиктер деле болбойт.
– Концерттен кандай өзгөчөлүктү көрсөк болот?
– Жөн гана ырдап койбостон, куудулдук өнөрүмдү да көргөзөм. Залда отурган күйөрмандарыма кызыктуу оюн уюштурам. Бул күйөрмандарыма жакыныраак болуу максатында болмокчу. Ошондуктан Нарын жергесинин бардык жашоочуларын 1-2-октябрда саат 19:00дө күтөм. Буюрса, баары жакшы болот. Кош келиңиздер !
– Анда сага ийгилик, кечең жогорку деңгээлде өтсүн!