Нарын мамлекеттик университетинде 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Мамлекеттик тил жумалыгынын ачылышы болуп өттү. Анда студенттер атайын даярдаган чакан концертин тартуулап, ыр-бий, тил жөнүндө көркөм окуу, «Манас» айтуу менен коштолду. Иш-чарага университеттин филология факультетинин деканы Нарынкүл Чоробаева, тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча проректор Жолдош Сыдыков жана кафедранын окутуучулары, студенттер катышты. Жумалык 28-сентябрга чейин улантылып, анда кыргыз тилинин баалуулугун көтөрүү максатында уюштурулган ар кандай иш-чаралар өткөрүлмөкчү.