«Мукаш-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому өткөн жылы өрттөнүп кеткен базардын ордуна жаңы базар салууда. Базар 185 орундан туруп, эки кабаттуу болот. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин Нарын шаарынын Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Калманбетов билдирди. Анын айтымында, базар бардык талаптарга жооп берет. Объект бүткөндө тиешелүү тармактардан атайын комиссия түзүлүп, ал каралып чыккандан кийин гана ишке берилет. Базардын курулушу октябрь айынын соңунда бүтүп калат.