2012-жылдын 16-сентябрь күнү кечинде 1953-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну Турсун Кайкеева жолдон өтүп баратканда белгисиз автоунаа сүзүп, качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде 18-сентябрда шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1955-жылы туулган А.Ж. кармалып, өзүнө тиешелүү Фольксваген Т4 автоунаасы менен сүзгөндүгүн мойнуна алган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.