Мелис Абдырахманов, спорт чебери:«БЫЙЫЛКЫ МЕЛДЕШТЕ ТУУРА ЭМЕС ИШТЕР КӨП БОЛДУ»

Ушул жылдын 31-мартында Казакстандын Караганда шаарында өткөн эрежесиз эр уруш мелдешинин M-1 mixfight түрү боюнча өткөн Эл аралык чемпиондукта спорт чебери Мелисбек Абдырахманов алтын медалдын ээси болуп кайткан. Ийгилик артынан ийгилик ээрчиткен Мелисбек 23-сентябрда Жалал-Абад шаарында өткөн эрежесиз эр уруштун Евразия чемпиондугунун титулуна ээ болду.

Аты-жөнү – Абдырахманов Мелис Осмоналиевич.
Туулган жери – Ноокат району, Ак-Чабуу айылы.
Туулган жылы – 1987-жыл, 28-сентябрь.
Салмагы – 74 кг.
Бою – 174 см.
Билими – ОшТУнун технологиялар жана жаратылышты пайдалануу факультетин бүтүргөн.

– Кандайсың, Мелис, жеңиш кут болсун!
– Шүгүр, жакшы, рахмат.

– Мелдеш кандай өттү? Машыгуу күч болуп жатат окшойт?
– 300дөн ашык мушкер катышып, мелдеш жакшы өттү. Эрежесиз эр уруштун супер урушуна Кыргызстандан эки жигит катыштык. Ага мыкты мушкерлер тандалып алынат да, дароо титулга урушушат. Ошол уруштан Евразия чемпиондугун жеңип алдым. Мунун баары талбаган эмгектен жана намаз окуганымдан болуп жатат десем жаңылышпайм.

– Спорт дүйнөсүндө качантан бери жашап жатасың?
– Жаш кезимден эле машыгып жүрчүмүн. Бирок айылдагы машыгуулар жөн гана булак башы болуп берет экен. Спорт чөйрөсү деген деңизге сүңгүп кирип, адаттан башкача дүйнөгө баш багуу. Мен ал дүйнөгө киргениме 3-4 жыл болду. Ош облустук ИИБнин спорт клубунда машыгып келем. Канчалык машыкканың менен, артыңда колдоочуң болбосо болбойт экен. Мени колдогон байкелер бар, аларга рахмат. Моралдык жактан да, финансы жактан да мени алдыга сүрөп турушат.

– Буга чейин да бир топ ийгиликтерди багындырган элең, белгилей кетпесек болбос...
– 2009-жылы Бишкек шаарында өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль, 2011-жылы 7-апрелде Кыргызстан чемпионду­гуна катышып, алтын медалдар­ды жеңип алгам. Бул ийгиликтериме, албетте, машыктыруучум Нурлан Нурановдун салымы чоң. Ага рахмат айтам.

– Бул мелдеш жылына өт­кө­рүлөт. Мурункуларга салыш­тырмалуу быйыл кандай өзгө­чөлүктөр болду?
– Былтыркыларга салыштырмалуу быйыл чоң уруш болду. Мушкерлер да абдан жакшы даярдык менен келишиптир. Бирок бул мелдеште туура эмес жолдор көп болуп кетти. Мушкерлердин көбү нааразы болгонун байкадым. Кыргызстанда болуучу эрежесиз эр уруштарга бул сынак сабак болот деп ойлойм. Мындан аркы мелдештер таза өтүшүн каалайт элем. Кыргызстанда эрежесиз эр уруш аябай өнүккөнү менен, дүйнөлүк деңгээлдеги BBC, M-1 mixfight, Prait түрлөрүнө чыга албай жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
buajara_ruslan
2013-02-24 01:12:35
Ийгилик сага Мелис! Сенин аракетин куч болчу...
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан