Ош шаардык ИИБнин Ак-Буура бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көп жылдан бери уурулук менен алектенип келген Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Махбуба аттуу айым менен 1995-жылы туулган Бабур аттуу жигит кармалды. Алар зер буюмдарды жана «Оriflame» фирмасынын буюмдарын уурдоо менен алектенишкен. Оштогу «Таатан» соода үйүндөгү 19 дүкөндөн 1 миллион 900 миң сомдук товар уурдашкан. Окуянын негизинде кылмыш иши козголгон.
«Уурдалган буюмдардын көбүн арзан баада сатып жиберишкен. Аз гана бөлүгү өз ээлерине кайтарылып берилди. Булар туурасында дагы тергөө иштери жүрүп жатат»,- дейт Ош шаардык ИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков.