Ош шаардык ИИБнин маалымат кызматы билдиргендей, 23-сентябрь күнү Ак-Буура дарыясынан жансыз адамдын денеси табылган. Жансыз дененин өздүгү такталып, ал 1988-жылы туулган Жаңы-Кыштак айылынын тургуну Якубжанова Эркинай экени аныкталган. Аталган кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургундары: 1993-жылы туулган Малабаев Шерали жана 1986-жылы туулган Мурзаканов Мадумар кармалган. Алар кылмышын моюндарына алышкан. Алар: «Эркинайды Жаңы-Турмуш айылынын ээн жерине алдап алып барып зордуктап, кылмышты жашыруу үчүн башын таш менен ургулап өлтүргөнбүз. Сөөктү жашыруу максатында Ак-Буура дарыясына таштап салганбыз»,- деп кылмыштарын моюнга алышкан.