Жакында Бакай-Ата айылдык аймагында лицейдин базасында жаңы «Бакай-Ата» балдар бакчасынын ачылуусу күтүлүүдө. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду аркылуу бир финансылык топ 600 миң сомго эмеректерди, балдарга оюнчуктарды 2012-жылдын 25-сентябрына чейин алып бермек болушту. Ачылыш аземинин датасы сентябрдын аягына же октябрдын башына белгиленип жатат.