Быйылкы түшүм көптөрдү кызыктырууда. Талас облмамадминистрациясынын агрардык өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Абай Шатманов быйылкы түшүм боюнча мындайча маалымдады: – Азыркы тапта Таласта төө буурчак, картошка кызуу жыйналууда. Талас облусу боюнча 45 431 гектар жерден төө буурчак жыйнала турган болсо, азыркы кезде 3686 гектардын түшүмү жыйналып калды. Баасын айта турган болсок, башында 28 сомдон болсо, учурда сортуна жараша 37-39 сом. Картошка жаатында сөз кылсак, облус боюнча 14 829 гектар жерге картошка тигилген. Учурда анын 3686 гектарындагы картошка казылып алынды. Баасы сорту жана чоң-кичинесине карап 8-10 сомдун тегерегинде. Бирок баасы жогорулашы мүмкүн. Учурда базардагы эң кымбат жашылча – сабиз. Баасы 25 сомдон түшпөй турат.
Тилекке каршы, быйыл Таласта буудай азыраак. Анткени 10 575 гектар жерге гана буудай себилген (былтыр 11 263 гектар). Жыйнаганда гектарына түшүм 25,1 центнерден болду. Дыйкандар, фермерлер тоют маселесине көңүл бурбай жатышат. Атап айтсак, облус боюнча арпанын аянты 1735 гектарды, ал эми жүгөрү 4833 гектарды гана түздү.