МАХАБАТ ДАСТАНЫ

Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп.
Кайгыга салдың карындаш, сен,
Картайган кезде көрүнүп...

Албетте, бул «Кылым карытаар бир күн» романындагы Раймаалынын Бегимайга карай узаткан ыры. Ушул уламыштын негизинде тартылган «Махабат дастаны» фильми көптөрдүн жүрөктөрүнө таамай тийип, сүйүктүү фильмине айланып калды.

ФИЛЬМДИН ИДЕЯСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ

Белгилүү «Махабат дастаны» фильминин башкы идеясы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романындагы Раймаалы ага менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган. Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин, тилинин тагдыры, каада-салты, кереметтүү комузу жөнүндө кино тарткысы келип жүргөндө бул сценарий өзүнөн-өзү пайда болгон.
Бир күнү Дооронбек Садырбаев, Түгөлбай Казаков, Тургун Бердалиев болуп мейманканада сүйлөшүп отурушуп, капысынан бир жаш кыз менен таанышып калышат. Дооронбекке ал кыз жагып калдыбы, айтор, ошондо ал комузун ала Раймаалынын Бегимайга арнаган ырын ырдап кирет.
Кеп андан ары козголуп отуруп, Дооронбекте уламыштын негизинде кино жаратуу идеясы пайда болот. Ушул окуядан көп өтпөй режиссёр көпкө изденүү менен уламышка турмуштук эпизоддорду киргизип, окуялуу кылып кайрадан иштеп чыгат. Ал убакта кино тартуу үчүн атайын Москвадан барып уруксат алуу керек эле. Дооронбек буга да жетишет.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ

Бул фильмдин өзөгүн жашы 60ка жакындап калган Раймаалы ага менен 19 жаштагы Бегимайдын махабаты түзөт. Баш каарман Раймаалы эл оозуна алынып, ырчылык өнөрдү аркалаган ак таңдай акын болот. Бүт өмү­рүн жалаң ырга арнаган Раймаалы ага жеке турмушун ойлобой жүрүп, жашы кантип 60ка чукулдап калганын да сезбей калат. Карыганда үйдөн же үйбүлө­дөн жок Раймаалы аганы Баракбай тукумуна хан көтөрүлгөнү жат­кан бир тууган иниси Абдилхан өз колуна алат. Раймаалы ага үйдө камалып отура албай, адатынча Сарала атын минип алып, аш-тойлорду дагы эле калтырбайт. Ошондой тойлордун биринде акындын талантына таазим кылып, беттешүүнү күтүп келген казак кызы Бегимай экөөнүн ортосунда ашыктык оту жанып,экөө өнөр сынаша, махабат айтышын ырдашат. Андан соң кийинки жарманкеде беттешмей болушат. Курчап турган элдин кээси суктанып көзүнө жаш алышса, кээси «ал­жыган чал карыганда калжаңдап...» дешип жаман көрүшөт. Баракбайдын бүтүндөй тукуму намыстанышып, Абдилхан башында турган жакын туугандары Раймаалынын жарманкеде Бегимай менен айтышуусуна каршы чыгышат. Раймаалынын көзүнчө домбрасын ташка чаап, атын мууздап, ал эми өзүн бакка аса байлап салышат. Акырында байланган бакка от коюлуп, Раймаалы менен бирге махабаттын кулу болгон жаш сулуу Бегимай да өз каалоосу менен күлгө айланат.

ТАСМАНЫН ТАРТЫЛЫШЫ

Алгач сценарий боюнча сүйүшкөндөр комуз менен айтышышмак. Бирок, «баштан-аяк эки комуз таңшый берсе, европалыктар түшүнбөй калат» деген Түгөлбайдын сунушу боюнча бирин кыргыз, бирин казак кылышып, домбра менен ырдатууну чечишет.
Эми режиссёр үчүн Раймаалы менен Бегимайды табыш өтө кыйынга турду. Дооронбек Садырбаев менен Түгөлбай Казаков колуна домбрасы жарашкан казактын кызын издеп, казак элине жөнөшөт. Далайын сындан өткөрүп жатышып, акыры из­де­гендерин табышат. Өңү серт, узун моюн бир келинге кезек жетип, домбра менен созолонто ырдап кирет. Бул 28 жаштагы Калемкас Орошова аттуу казак кызы дароо эле Дооронбектин купулуна толот. Ошол күнү эле Калемкаска «киного сизди тартпайбыз, үнүңүздү эле алабыз, ырдап бериңиз» деп суранышып, макулдугун алышат. Ошентип, Бегимайдын ырларын казакчага которушуп, Калемкаска беришет. Ал эми Раймаалынын үнүн табыш да оңойго турган жок. Режиссёр Раймаалынын жашына төп келген ырчыны издеп таппай, акыры Эстебес Турсуналиевге келип токтойт. Ошентип, «Махабат дастанында» Бегимай – Калемкас Орошованын үнү менен ырдаса, Раймалы – Эстебес Турсуналиевдин үнү менен ырдалат. Эми үндөр даяр болгон соң, Бегимайдын ролун ойноого Алматыдан, Өзбекстандан, өзү­бүз­дөн нечендеген кыз-келиндер келишти. Сынактын негизинде Асел Эшимбекова тандалып алынат. Кыргызча бир ооз сөз билбеген, өмүрү комуз кармап көрбөгөн 10-класстын окуучусу Аселге комузду карматып, фонограмма менен ырдоону үйрөтүү башталат. Раймаалынын ролун аткарууга камданып жаткан Советбек Жумадылов Абдилхандын ролун аткарып, Ал эми Раймаалынын образын Тууганбай Абдиев жаратмай болот. Мында «Тууганбай «кызымдай болгон кызды кантип сүйөм, кантип суктанам?» деп жатып араң ошол сүйүүнү тартканбыз» дейт кинонун режиссёру.
Ошентип, кино 1983-жылы июнь-июль-август айларында эчак эле тандалган Арсланбаптын Кызылүңкүрүн­дө тартылат. Ошол жылы ал жерге бир тамчы да жаан жаабай, атайын суу ташыгыч машина күн сайын жерди, бак-дарактарды сугарып турган экен. Ал эми катар-катар боз үй тигип, шаан-шөкөт өткөрүү­гө жергиликтүү эл, тиешелүү акимчиликтер чоң жардам көргөзү­шүптүр.

КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР

Кыргыз кино маданиятына чоң жаңылык алып келген бул кинону тартууга жалпысынан 310 миң рубль жумшалган. Бирок, киреше катары прокаттан эле 42 миллион рубль түшкөн. Минскиде өткөн кинофестивалда эң мыкты режиссура деп табылган. Бегимайдын ролун ойногон Асел аялдардын образын эң мыкты аткарганы үчүн 500 рубль өлчөмүн­дөгү акчалай сый­лык менен сыйланган. Фильм чыккандан кийин Дооронбек Садырбаевдин калемине таандык «Кайгырттың мени эркетай, картайган кезде көрү­нүп» деген ырына 36 обончу 70ке жакын обон чыгарышып, алардын айрымдары азыркы күнгө чейин ырдалып келет. Бирок, кино тартылып бүткөн соң, киносынчылар тарабынан эскини эңсеген кино катары бааланып, элге көргө­зүлбөй келген. 1985-жылы октябрь айында алгач «Махабат дастанынын» премьерасы «Ала-Тоо» кинотеатрында көргөзүлгөн. Бул премьерадан кийин режиссёрдун аты таанылып, Асел Эшимбекова заматтын ичинде киножылдызына айланган.

Даярдаган Чолпон Жумалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан