Ысык-Көл облусу боюнча өткөн жылдагы 9 айдын ичинде 196 өрт болсо, бул жылга 200 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен күйүп кеткен кыймылсыз мүлк 3,5 миллион сомго жакын каражатты түзгөн. Ал эми өрттөн улам адам өмүрүнө зыян алып келген 3 факт катталып, 3 адам каза тапкан. Өрт кырсыгынын чыгышы адамдар коопсуздукту туура сактабагандыктан, электр тогун этиятсыз колдонуудан улам келип чыгып жаткандыгы талашсыз.