ЫСЫК-КӨЛДӨ КАРЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ

Дүйнө жүзү боюнча 1-октябрда Эл аралык карылар күнү белгиленет. Буга ылайык, өлкөбүздүн бардык аймактарында ар кыл оюн-зоок кечелер, таймаштар өтөрү белгилүү. Каракол шаарында карылар күнүнө карата жыл сайын шахмат оюну өткөрүлүп келген. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, шахмат менен бирге волейбол оюнун карылар арасында өткөрүүпландаштырылууда. Оюндун ачылышы К.Жантөшев атындагы драма театрдын жанында, 26-сентябрдан 1-октябрга чейин уланат. Таймашка 45 жаштан жогорку каалоочулар катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр шаардык мэрия тарабынан баалуу белектерге ээ болушат. Бул тууралуу Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Улан Кыдыров билдирди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан