ЭКСПЕРТ-КРИМИНАЛИСТТЕР– ПОГОНЧОН ОКУМУШТУУЛАР

Негизинен, милициянын же полициянын мыкты кызматкери тууралуу китептер жазылып, тасмалар тартылса, а бул кесип тууралуу унутта калтырып келишет. Бирок мунсуз кылмыштын бетин ачуу татаал, кээде таптакыр мүмкүн болмок эмес. Чуулуу ишти иликтөөдө гана эксперт- криминалисттерди эстеп калбасак, башка убакта эстей бербейбиз. Бүгүнкү сөз окуя болгон жерге биринчи кароо жүргүзүп, кылмышка далилдерди издеген кесиптин ээлери тууралуу болмокчу.

ЭҢ БАШКЫСЫ – ИЗ
ИИМдеги ЭКБнын кызматкерлери тарабынан дактилоскопия (манжа издерин изилдөө), атылуучу жана ыргытма куралдарды, документтерди экспертизадан өткөрүү, трасология (кылмыш болгон жерде кылмышкер калтырган унаа каражаттарынын издерин изилдөө), кол жазмаларды изилдөө, баллистика жана химиялык экспертизаларды жүргүзүү сыяктуу атайын экспертизалар жана изилдөөлөр жүргүзүлөт. Криминалисттин жумуш материалы – бут кийимдин, манжанын издери, кандын тамчылары, өлтүрүлгөндүн денесиндеги тактар жана жараат. Мындан сырткары акчанын, спирт ичимдиктеринин чыныгы же жасалма экендигин жана баңгизат түрлөрүн аныкташат.
Үйгө ууру кирген учурда кулпу ачкыч менен ачылганбы же кандайдыр бир аспаптар менен ачылганбы, аны да изилдешет. Криминалист экспертиза жүргүзүп, киши өлтүргүч же ууру кандай курал колдонгондугун аныктагандан кийин тыянак түзүп, тергөөчүгө өткөрүп берет. Эксперт-криминалисттер жумуш убагынын көпчүлүгүн компьютерде жана фотолабораторияларда өткөрүшөт.

«СОНДА» КӨП ИШКЕ ЖАРАЙТ
2007-жылы республика масштабында автоматташтырылган дактилоскопиялык маалыматтар системдери долбоорун түзүү ишке киргизилген. Учурда «СОНДА» комплекси бардык ШИИБдерде жана облустук ИИБдерге орнотулуп, бирдиктүү тармакка уланып, дактилоскопиялык маалыматтарды алмаша алышат. Бул кылмышты ачууда, иликтөөдө, адамдардын өздүгүн аныктоодо жана таанылбаган өлүктөрдүн өздүгүн аныктоону бир нече эсеге жакшырткан. Ачылбай калган кылмыш болгон жерден алынган манжа издеринин маалыматтар базасы да бар. Бул системдин жардамы менен 2012-жылы паспорт тууралуу башка маалымат берген 531 адам, өздүгү аныкталбаган 54 өлүк аныкталган. Мындан башка да кылмыш болгон жерден алынган бармак издери менен 101 окуяда кылмышкерлер аныкталган.

БИРИНЧИ ЛАБОРАТОРИЯ 88 ЖЫЛ МУРУН АЧЫЛГАН
Эксперттик-криминалистикалык кызматтын тарыхы 1924-жылдын май айына барып такалат. Анда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кылмыш иликтөө бөлүмүндө курамында эксперт-дактилограф, эксперт-графолог, жана фотографтан турган биринчи криминалистикалык лаборатория иштеп баштаган. Ошол убактагы лабораторияда фотоаппарат жана микроскоп гана болгон. Андан кийин өзгөрүп отуруп, 2001-жылы Эксперттик-криминалистикалык борбор деп кайрадан түзүлгөн. 1997-жылы ИИМдин коллегиясынын чечими менен 31-май – Эксперттик-криминалистикалык кызматтын күнү деп бекитилген. Учурда республика боюнча 182, ИИМдин башкы бөлүмүндө 27 кызматкер эмгектенет.

«ТҮРК ЖАРАНЫ ЖЕКШЕНКУЛОВДУН ТАПАНЧАСЫНАН АТЫЛГАНЫ ЧЫН»
ИИМдин Эксперттик- криминалистикалык борборунун жетекчиси Канат Иманалиев менен маек курдук.

– Канат мырза, эмне үчүн мындай өзгөчө кесипти тандап калдыңыз эле?
– 1991-жылы аскер кызматын өтөп келгенден кийин милицияга кирейин деп барсам, «криминал-эксперттин гана орду бош, эгер фотоаппарат менен иштегенди билсең, өлүктөн коркпосоң, иште» деп сунуш кылышты эле, ойлонбой туруп макул болгом. Техник-криминалисттен баштап бардык тепкичтерди басып өттүм.

– Биринчи жолу кылмыш болгон жерге чыкканыңыз эсиңиздеби?
– Биринчи жолу кылмыш болгон жерге чыкканымда бирөөлөр бир кемпирди мууздап кетишкен экен. Жай болгондуктан, өлүк бузулуп, сасып кетиптир. Өзүмдү өзүм «көнүш керек» деп үйрөтүп, противогаз кийип иштегем. Кийинчерээк ансыз эле иштегенге көндүм.

– Эксперт-криминалист кандай сапаттарга ээ болуусу керек?
– Эң башкысы – билим, анан чыдамкай болушу керек. Мисалга манжа издерин эле алалычы, аны кылдаттык менен текшерүү керек. Азыр компьютер болуп оңой болуп калбадыбы. Мурун биз манжа издерин ийне, лупа менен текшерчүбүз, кечке карап отуруп көзүбүз көрбөй калчу. Эс алып, анан кайра текшерчүбүз. Биздин жумушта ийне-жибине чейин текшерүү керек, себеби бул жерде адам өмүрү чечилип жатат. Корутунду чыгарарда жаңылыштык деген болбош керек.

– Маалымат базаңыздарда канча кишинин манжа издери бар, ага өлкөбүздөгү бүт калктын манжа издерин киргизүү туура болобу?
– Учурда бизде 150 миңдей кишинин манжа издери бар. Ар бир адам эле жанында документ алып жүрө бербейт. Кээ бир автокырсыктарда каза болгон адамды ата-энеси тааныбай калган учурлар болушу мүмкүн. Көпчүлүк өлкөлөрдө ар бир жаран паспорт же айдоочулук күбөлүк алып жатканда манжа издерин калтырышат. Бизге да киргизүүнү өкмөткө жана парламентке жөнөткөнбүз, азыр кароодо. Бул кишинин өздүгүн аныктоонун эң оңой жана арзан жолу. Эгер кылмыш болгон жерде манжа изи калса же автокырсыктан киши каза болуп, толук өрттөнүп кетпесе эле 5 мүнөттө анын өздүгүн аныктай алабыз. Мисалга, Апрель окуясында туугандары тааныбай койгон 4 адамды манжа изи менен өздүгүн аныктаганбыз. Ал эми ДНК менен изилдөө 1 айда жасалат, анын үстүнө ДНКны изилдөө бизде жок жана кымбатка түшөт.

– Мындан 3-4 жыл илгери мурунку Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго тиешелүү тапанчадан түрк жараны атылып өлтүрүлдү деп шектелген эле?
– Биз түрк жараны Жекшенкуловдун тапанчасынан атылган октон өлтүрүлгөнүн аныктап бергенбиз. Ал эми ошол тапанчадан ким, качан, эмне үчүн атканын иликтөө биздин иш эмес.

– Маегиңизге рахмат!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эксперт-криминалисттер - погончон окумуштуулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Francesko_91
2012-10-05 12:32:12
ишинерге ийгилик .....
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан