КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

МАС БОЛУП АЯЛДАРЫН ӨЛТҮРГӨНДӨР
21-сентябрда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл округунун 27 жаштагы тургуну урушуп кетип аялын бычактап салган. Бычактан алган жарааттан улам 25 жаштагы келин каза болгон. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, милиция кызматкерлери кылмыш болгон жерге барган учурда кылмышка шектүү өзүнүн көкүрөгүнө да бир нече ирет бычак сайып алган экен. Бул факт боюнча экспертизалар дайындалып, учурда кылмышка шектүү сакчынын кайтаруусунда ооруканада. Кара-Суу РИИБинин Нариман айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Маалыматтарга караганда, кылмыш кызганычтан улам келип чыккан. Ошол күнү алар бүт үй-бүлөсү менен аялынын туулган күнүн белгилешкен. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
24-сентябрда да түнкү 2лерде Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылынын 36 жаштагы тургуну мас абалында келинчегин катуу сабап, соккудан алган жарааттарынан улам 33 жаштагы келин ошол жерде каза болгон. Маалыматтарга караганда, кылмыш урушуудан улам келип чыккан. Ак-Талаа РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«КЫЯЛ МЕНЕН ӨМҮРБЕК МУРУН МУШТАШКАН ЭМЕС»
Гезитибиздин өткөн санында «Мектеп рэкети – жалпы коомчулуктун көйгөйү» деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда мектеп рэкетчилиги тууралуу көйгөйлөр көтөрүлүп, Базар-Коргон районундагы С.Ташиев атындагы мектептин 10-классынын окуучусу Кененбай Кубанычбек уулунун окуучулардын өз ара мушташуусунан улам каза болгону айтылган. Каза болгон Кененбайдын атасы өз сөзүндө «кылмышка шектелип кармалгандардын арасындагы Кыял, Өмүрбек деген балдар бир жыл мурун да массалык мушташка катышып, ажыраткан мугалимдерди да укпай коюшкан экен. Ошондо бул райондук деңгээлде каралып, кайра жабылып калган. Мүмкүн, ошондо жакшы бир чечим чыкса, бул иш болбойт беле?» деп айткан болчу. Бул боюнча кылмышка шектелип кармалган Өмүрбектин атасы Жолдошбай Тагаев бизге байланышка чыгып, «Кубанычбек Түркменов (каза болгон баланын атасы) өз сөзүндө «бир жыл мурун Кыял менен Өмүрбек массалык мушташка катышкан» деп айткан экен. Мындан бир жыл мурунку мушташ 1993-1994-жылы туулган балдар арасында болгон. 1993-жылы туулган балдар 11-класста окуп жаткан маалда аты аталган балдар 10-класстын окуучулары болчу. Кыял менен Өмүрбек ал окуяга катышы болгон эмес» деп билдирди. Ал эми муну тактамакка Кубанычбек Түркменовго байланышсак, ал: «Мен эл арасындагы айтылып жүргөн сөздөрдөн улам айткан элем. Былтыркы мушташта Кыял менен Өмүрбектин катыштыгы бар деп ойлогонмун», - деген жообун узатты.

УЛГАЙГАН АЯЛДЫ ӨЛТҮРҮП САЛГАН
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, 18-сентябрда эртең мененки саат 9да Бишкек шаарында жашаган 60 жаштагы аялдын киши колдуу болуп каза болгон денеси өз үйүндө табылган. Анын денесин текшерүү учурунда бетинде жана башында оор буюм менен урулган жарааттар болгон. Бул факт боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү кечке жуук оперкызматкерлер тарабынан бул кылмышка шектүү аныкталып, мурун уурулук кылганы үчүн соттолгон, 1974-жылы туулган Б.А. деген жаран кармалган. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү өлтүрүлгөн аялдын үйүн оңдоого жалданып иштеп жүргөн. Экөө урушуп кетип, Б.А. аялды бир нече ирет уруп, анан качып кеткен. Учурда тергөө жүрүп жатат.

ЭКСТРЕМИСТТИК БАРАКЧАЛАР ТАБЫЛДЫ
24-сентябрда Чүй ОИИБинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ивановка айылындагы «Саад-Ибн-Абубахас» мечитинин имамынын 56 жаштагы чарба иштери боюнча орун басары кармалган. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, кармалгандын жанынан «Хизбут-Тахрирдин» диний-экстремисттик багыттагы 17 даана баракчасы табылган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AFRODITA-89
2012-10-01 11:49:07
Кызганычтын айынан коп нерселер болот. Эркектер аялдарынарды абайласанар боло! Аял силерге жон гана аял эмес, ал деген балдарынардын мээримдуу апасы да болот! Мына эми энесиз баланы тарбия кылыш кандай кыйын экенин корушсун!
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан