«ШИШ ТАКАНЫН АЛДЫНДА КАЛУУДАН» САК БОЛ!

Бийкечтер жакын мамилеге өткөнгө чейин кой оозунан чөп албаган жоош, үйлөп койсоң жыгылып кетчүдөй назик келишет. «Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?» дегендей, үй-бүлө кургандан кийин селкиде катылып жаткан кыял-жоруктар сыртка чыга баштайт эмеспи. Мырзалар аялынын сөзүнөн чыкпай, досторунан бөлүнүп, атүгүл туугандары менен да катышпай калган учурлар көп. Мунун себеби эмнеде? Сиз да ушундай күндөрдү башыңыздан өткөрүп жатсаңыз, бул кеңеш сиз үчүн.

ЭРКЕК ӨЗҮ КҮНӨӨЛҮҮ
Шиш таканын алдында калуу» деген түшүнүк англиялыктарда пайда болгон. Ал – үй-бүлөдө эркектин алсыздыгынан улам айымдын үстөмдүк кылуусу. Коомчулук болгондон кийин ал сөз бизге да жетип, аялына баш ийген эркектерди мыскылдаган сөзгө айланды. «Аялына баш иет» же орусча айтканда, «подкаблучник» деген сөз ар бир эркектин намысына тиет. Мындай сөздү уккан эркек үйүнө барып аялына кыйкырып, үстөмдүк кыла баштайт. Бирок бул үй-бүлөдөгү чырдын келип чыгышына жана көпчүлүк учурда аял-эркектин «бокстошуусуна» алып келет. Эки тарап тең психикалык жактан чоң зыян тартышат. Эркектин эрки жоктугу негизги себеп болот. Ушундай абалга эң биринчи кезекте эркектер өзүлөрү күнөөлүү. Анан да аны болтурбоо үчүн, «баланы жашынан, аялды башынан карма» дегендей, үй-бүлө курууга чейинки эки жаштын ортосундагы мамиледен баштоо керек.

КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕГИ МАМИЛЕ
Биз, мырзалар, айымдардан айырмаланып, көзүбүз түшкөн сулуунун жүрөгүн багындырууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. Эптеп эбин таап таанышып, анан мамилени бекемдөөгө тырышып, жолугушууларды белгилеп, кино, концерт, сейил бакка чакырып, сөздөрдүн гүлүн терип эркелетип, белек берип, чыныгы эркек катары көрүнүүдөн баштайбыз. Бул бир жагынан алганда, айымын чындап сүйгөн чыныгы мырзанын иши. Бирок эсиңизде болсун, мындай мамиленин аягы көпчүлүк учурда сиздин өкүнүчүңүз менен аяктайт. Анткени дайыма айымыңыздын көзүн карай берсеңиз, ал ошого көнүп калат да, башкаруу чылбырын өзүнө алат. Бара-бара өзүнө тиешелүү майда-чүйдө иштерди да сиз аркылуу бүтүрүүгө өтүп, бардык ишке сизди жумшай баштайт. Ал эми сиздин «сүйөм, ошон үчүн баарына даярмын» деген оюңуз өзүңүзгө зыян алып келерин унутпаңыз. Айрым айымдар мырзасы дайыма көзүн карай бергенден тажап, башка менен мамиле түзүүгө да өтүшү мүмкүн.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ
Үй-бүлө – эки адамдын биримдигинен түзүлгөн кичинекей мамлекет. Мамлекеттин бекемдигин коргоо үчүн сөзсүз аны жетектеген бийлик болууга тийиш. Кыргыздарда тээ илгертен үй-бүлөгө эркек киши башчылык кылып келет. Бирок үйлөнгөндөн кийин кээ бир эркектер бийликти тарттырып жиберишет. Мунун себеби эркектин алсыздыгы, үй-бүлөнү багуу милдетин аткара албагандыгында жатат. Ушундан улам тартынчаак, жоош айым да тиранга айланат. Анан дос, туугандарынан «шиш таканын алдындагы эркексиң» деген намысына тийген сөздү эшитип, үй-бүлөдө казан-аяк кагышуу күч алат. Мындай абалдан кутулуу жана келечекте анын алдын алуу үчүн төмөндөгү турмуштун жазылбаган мыйзамдарын окуп, ордуңузду билүүгө далбас уруңуз.

НЕГИЗГИ МЫЙЗАМДАР

  • Эң негизги эреже, үйдө кожоюндук бийликти тарттырып жибербейин десеңиз, чечкиндүү болуңуз. Үй-бүлөгө кам көрүп, каражат жактан камсыздап турууну колго алуу керек.
  • Чечим кабыл алууда айымыңыздын ою туура эмес болсо да «ляппай» деп угуп калбай, талашып, тактоого үйрөнүңүз. Анткени айымдар кээ бир маселелерди чечүүдө табиятынан алсыз жандар экенин көрсөтүмүш болуп, пайданы өз тарабына чечип алышат. Мындай мамиле майда иштерди чечүүдө үй-бүлө башчысын шиш таканын алдындагы эркек дегенге жатпайт. Ал эми маанилүү иштерде өз оюңуздун тууралыгын жактай билүүңүз зарыл. Бирок оюңузду ортого салганда ачууланып, жинденип кыйкыра бербей, далилдүү нерселерге токтолуп, түшүндүрсөңүз, айымыңыз сиз тарапка оойт.
  • Демилгенин көбү эркек тараптан болушу керек. Айымдар үйдө тамак жасап курсак тойгузуп, кийим алганда тандап беришет. Ошондой эле эс алууга чыкканда бош убакытты кайда өткөрүү керектигин да көпчүлүк учурда айымдар аныкташат. Үй-бүлөдөгү мамиленин мындай формасы жакшы. Бирок мунун жыйынтыгы эркектин сөзү, чечими экинчи орунда калышына алып келиши мүмкүн. Андыктан жалпы үй-бүлөгө тиешелүү иштерде сунуш киргизүүнү колго алыңыз.
  • Убадага бек туруңуз. Кандайдыр бир чечим кабыл алып, сөз берсеңиз, аны сөзсүз аткаруу керек. Эгер убадалар берилип, бирок ал аткарылбаса, анда сиз сөзү суу кечпеген алсыз аталардын катарын толуктап каласыз. Ошон үчүн айтканыңызды аткарыңыз же көзүңүз жетпеген нерсени аткарууга убада бербеңиз.
  • Айымыңыздын такасынын алдында болуп калам деп чектен ашкан кадамдарга барып көңүл калууга жол бербеңиз. Маселе болсо, ортого салып кеңешип, бир пикирге келүүгө аракет кылуу зарыл.
  • Үй жумуштарын аткаруу айымдын милдети экенин унутпаңыз. Бирок шартка карап, келинчегиңиз жетишпей жатканда жардамдашуудан качпаңыз. Бул ортодогу сыйды бекемдөөгө өбөлгө болот.
  • Достор менен эс алууга чыгып жатканда сүйүктүүңүз «барбай эле койчу» десе, макул болуп калбаңыз. Анын ордуна досторуңуз сизди сыйлагандыктан чакырып жатканын айымыңызга түшүндүрсөңүз, ал сөзсүз көнөт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Шиш така алдында калуудан" сак бол!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Nurzada-5
2012-10-01 12:11:16
Жарайт жакшы кенеш экен, эми аялдарга кенеш берсениз абдан жакшы болор эле. Деги эле аялзаты уй-булого же кайын-журтуна кандай мамиле кылуусу керек экенин айтынызчы?
+1
Rostov-on-Don
2012-10-01 14:03:17
Эн жакшы кенеш экен!Мага да ушундай эркектер жагат! менин жолдошум да ушундай рахмат!
0
Galley.94
2012-10-01 17:30:06
Туура ушундаи болуш керек!
0
dia-omur
2012-10-01 19:49:17
men oilopturmun byiik but kyimder jonundo malymat eken dep wawylyp kirip okuin desem....
+2
Jamalym
2012-10-01 20:41:59
Кээ бир аялдар жондон жон эле долуланышып кунуго куйоосунун мээсин жешет ушундайларга тушунбойм.Андан коро жылуу жумшак соз айтып мамиле кылса эркек киши да угат.Биз куйоом экообуз суйлошуп алганбыз кимибиздин жинибиз келсе экинчибиз унчукпай кутулалы деп жакшы экен бирок эн негизгиси кыйкырып окурбой жакшы тушундуруп айтуу.Анан да эркекти досторунун алдында эч качан кемсинтпоо,созу туура эмес болсо да угуу.
+5
aigulya-2012
2012-10-01 23:17:36
dia-omur ha ha ha men da
0
Nurbek88
2012-10-02 09:14:53
эн жакшы кенеш браво
0
saya4ka
2012-10-03 11:06:16
"опытный" киши жазса керек ))) Аялдар муну билип алышып, ага да кандай туруштук беришти таап алышса кантесиздер эми?..
0
nazi25
2012-10-05 13:51:57
Аялдын куулугу шайтандыкынан да кучтуу дешет го.
0
merim
2012-10-09 04:24:39
ПСИхологдон кобуроок сурабаптырда
0
Meris
2012-10-12 14:35:27
оой бат эле байкуш болуп калышат. Азыр аялдын да эркектин да ишин АЯЛГА илип моюнга минип, тагдырына таарынып, аялынаарстан б-п, же калпты айтып башка жакта короз болгон эркектер бизде толтура.
+1
Rostov-on-Don
2012-10-13 20:25:40
чото эркектерден комент жокко я?
0
ales
2012-12-01 23:22:51
К.Азыкбаев агайыбыз туура кенеш берди. Дагы бир кеңеш аялыңызга сөзүңүз өткүр болуш үчүн эч качан ала жипти аттабаңыз, эгер аттап жүрсөңүз токтотуңуз, кармалып калсаңыз обу жок танбай мойнуңузга алып, шиш таканын астында калыңыз.
0
Chopi1990
2018-05-30 20:04:56
Биз жаман жакка ундомок белек. БОлгону биздин ойубузду угуп койсо болду. Угушпйт да укса эле болду подголочник болушат деп ойлошот
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан