СТУДЕНТТЕРДИН ЖАТАКАНАСЫ –МЕНЧИКПИ?

«Жатаканада жашабаган студент – чыныгы студент эмес» деген сөз бар. Бирок бүгүнкү күндө жатакананын бир бөлмөсүнөн орун алуу – студенттер үчүн опол тоодой оор түйшүк. Айрыкча ата-энесинин акчасы чектелүүлөргө азап десек болчудай.

СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНА ТИГҮҮ ЦЕХИБИ?
Жылдыз Молдокматова аттуу Бишкек шаарынын тургуну бизге даттанып келди. Ал 2011-жылдын декабрь айынан тарта борбор калаабыздын 7-кичирайонунда жайгашкан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин №2-жатаканасына студенттер үчүн чач тарачкана ачам деп чуркап жүрүптүр. Каарманыбыз жатакананын абалы тууралуу буларды күйүп-бышып кошумчалады:

Эми жатакананын абалын көрсөңөр, укмуш. Лифт иштебейт. Студенттер 12-кабатка жөө чыгып-түшүшөт, ысык суу жок, полду өздөрү жуушат. Негизи, жатаканада пол жуугуч болуш керек да. Мындан тышкары душка, болгону, 5 гана адам жууна алат. Анысы аз келгенсип бул жакта студенттер жатаканага жашаганга орун таппай жүрүшсө, комендант менен ректордун жардамчысы жатакананын кээ бир бөлмөлөрүн университетке тиешеси жок үй-бүлөлүү адамдарга батирге берип коюшкан. Ал эми жер төлөсүнө ректордун жардамчысынын бөлөсү тигүү цехин ачып иштетүүдө. Менден болсо «чач тарачкана ачууга жардам берем» деп 30 миң сом акча алып, убадасына турбай башкаларга ижарага берип койду.

«УНИВЕРСИТЕТКЕ ТИЕШЕСИ ЖОКТОР ДА ЖАШАЙТ»
Бул сөздөрдөн соң өз көзүбүз менен көрүп келүү максатында жогоруда аталган жатакананы көздөй жөнөдүк. Бизди кубандырганы, жатакананын кире беришинде «Чач тарач, акысыз» деген жазуу болду. Бул да болсо чөнтөгү жука студенттер үчүн бир топ жеңилдик. Жанында эки дүкөн жана ашкана турат. Студенттер баасы арзан экенин айтышты. Ал эми «жер төлөсүндө тигүү цехи бар» деп айтылган жерге кирип көрөлү десек, бир кыз эшигин бекитип көрсөтпөй койду. Чындап эле 12 кабаттын 5-кабатына чейин үй-бүлөлүүлөр жашашат экен.
Жатаканада жашаган студенттерден сураганыбызда алардын арасында аталган университеттин кызматкерлери, окуу жайга тиешеси жок адамдар да жашаарын айтышты. Бул боюнча жатакананын коменданты Зина Кыдырмаевага бир нече суроо узаттык:

– Жатаканада үй-бүлөлүү адамдар да жашайбы?
– Ооба, келишимдин негизинде университеттин кассасына акча төлөп жашашат.

– Алардын баары КМУнун кызматкерлериби?
– Биздин университеттин кызматкерлери да, тиешеси жоктор да бар.

– Студенттерге жатаканада орун жетишпей жатса, тиешеси жокторду эмнеге жашатасыздар?
– Аны биз чечпейбиз, ректордун жардамчысы Азим Шамкановдон сурагыла. Алар университеттен «жашаганга уруксат» деген документти алып келишет, биз жашата беребиз.

– Алар айына канча төлөшөт? Студенттерчи?
– Үй-бүлөлүүлөр айына 3 миң сомдон 4 жарым миң сомго чейин төлөшөт. Ал эми студенттердин бир жылдык төлөмү 3 миң 250 сом.

– Бул жерде тигүү цехи да бар деп уктук...
– Ооба.

– Ал цехтин студенттерге пайдасы тиеби?
«Студенттердин кийимин бекер кыскартып, тигип беребиз» дешкен.

– Мага ошол студенттердин бирөөсүн таап бере аласызбы?
– Жок, студенттер азырынча аларга кийимин тиктире элек.

«ЖАТАКАНАДАН ОРУН АЛА АЛБАЙ ЖҮРӨМ»
Андан соң ректордун жардамчысына жолугалы деп И.Арабаев атындагы КМУга бардык. Ректордун жардамчысынын иш бөлмөсүнүн жанында топтошкон студенттер: «Жатакана сурасак орун жок» деп койду» деп нааразы болуп турушкан экен. Аларды кепке тартсак, «эртең окуудан чыгарып жиберишет» деп коркуп, сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Арасынан бир гана Адылбек (аты өзгөртүлүп берилди) аттуу жигит буларга токтолуп:

– 2-курстун студентимин. Бюджеттик негизде окуйм. Шаарда жашаганга үй жок, батирге чыгайын десем акча жетишпейт. Окуу башталгандан бери жатакана ала албай чуркап жүрөм. Орун жок экен. Былтыр да 4 ай чуркап жүрүп араң алгам. Документтерди топтойм деп жүрүп сабактарды көп калтырып, окуума тоскоолдук жаралган. Ооруп да калгам. Быйыл да ошондой болуп жатат. Негизи, алыстан келгендерге жана бюджетте окугандарга жатакана берилиши керек болчу,- деп нааразылыгын билдирди.

«СТУДЕНТТЕРГЕ ЖЕҢИЛДИК ТҮЗҮП БЕРИП ЖАТАБЫЗ»
Жогорудагы иликтөөлөрдөн соң окуу жайдын каржы жана чарба иштери боюнча ректордун жардамчысы Азим Шамкановдун да оюн уккубуз келди.

– Жатаканада үй-бүлөлүү, бирок университетке тиешеси жок адамдар жашашат экен. Аларды кандай негиздер менен жашатып жатасыздар?
– Университеттин №2-жатаканасында учурда 500гө чукул студент жана үй-бүлөлүү 27 мугалим жашайт. Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери да жашашат. Алар акчасын университеттин кассасына төлөшөт.

– Жатакананын алдында тигүү цехи барбы?
– Мурда бар болчу, азыр жок.

– Жылдыз Молдокматова деген айым сизге акча бергенин айтты...
– Ал айым жөн эле айыптоолор менен ар кайсы жактарга кайрылып жатат. Ал ошол жатаканада 10 ай бир тыйын төлөбөй жашаган. Жатаканадан чыгарып салсак, ушундай жолдорго барууда. Биз да аны университеттин атынан сотко бердик. «Жатакананын алдына чач тарачкана ачам» дейт. Ал жерге атайын студенттерге жеңилдик түзүп, бекер чач тарач, арзан ашкана жана дүкөн ачтырганбыз. Жатакананы оңдоп-түзөп, жакында бекер интернет клуб ачып бергени турабыз.

– Ал айым КМУнун кызматкериби? Кандайча 10 айдан бери бекер жашап келген?
Анын ЖОЖго эч кандай тиешеси жок. Мен жумушка келгиче Эсенбек Кубатбеков деген коммерциялык директор жашаганга уруксат берген экен. Ал киши азыр иштебей калды.

КИМИСИНЕ ИШЕНЕБИЗ?
Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери эмне себептен студенттердин жатаканасында жашаарын билели деп министрликке кайрылсак, басма сөз кызматынын катчысы Керез Жукеева:

– Биз ЖОЖдордун окуу программаларына гана көзөмөл кылабыз. Ал эми каржы жана чарба иштерине кийлигишпейбиз, окуу жайлар өздөрү чечишет,- деген жообун айтты.
Мына, окурман. Бири-бирине шылтап, актанган эле кишилер. Кимисине ишенерибизди да билбей калдык. Бул бир гана мисал. Мындан башка да көпчүлүк жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын жатаканасында студенттер эмес, башка адамдар да батирде жашаарын калк билет. Ал акчалар кайда жана кимдин чөнтөгүнө кетет? Студенттер жатакана алганга чуркаган убактысын билим алууга жумшаса болбойбу?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бизнес борборуна айланган студенттик жатакана
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Nurbek88
2012-10-01 09:39:29
да студентерден артса бергиле да башкалрга
0
Rostov-on-Don
2012-10-01 19:16:37
Ушундай нерселерди уксам эч Кыргызстанда жашагым келбей кетет.Супер инфо анан силер угуп сураштырып эле койбостон, чарасын корсотуп жардам бербейсиздерби?Сиздерден гана карапайым калк жардам сурашат.Агын ак,карасын кара кылыныздар.Мындай жашоого шарт тузуп бербоого аракет жасаныздар, чон ыраазычылыгымды билдирем.Гульмиза
0
ayildik_kiz
2012-10-02 10:43:24
Жеп уйронушкон да ,коп эле универлердин ректорлору семирип жарылайын деп калган!Бул нерсеге чара корулсо жакшы болмок айтылган соз айтылып эле калып калбай.Биздин да бир алысыраак тууганыбыз жатаканадан болмо ала албай журот,так ушул КУУда окуйт экен.Ректор жардамчысы дейбизби,коменданты баары акча жешет,а тугул мед.справканы да 1000 сомго так ушул коменданттар жасатып берет,кубо болгом!
0
AFRODITA-89
2012-10-02 12:41:00
Туура, студенттерден ашса анан башкаларга бериш керек. Негизи окуу жайдын жатаканасы студенттерге гана жашаганга мумкун. Мен да жатаканада жашап окууну буттум бирок бизде андай маселе жок болчу коммендант жалан студенттерге болмо берчуу жетпей калган студенттерди эптештирип жайгаштырат эле эч кимден жалоб да тушчуу деле эмес Бардык шарттары канааттандыраарлык болчу. Мен айтып жаткан жатакана Жалал-Абад шаарындагы №1 жатаканасы.
0
MiranA
2012-10-02 12:50:44
aybekerlan, байкооңузга рахмат, катачылык түзөтүлдү.
0
dohun
2012-10-02 13:53:28
Негизи эле Арабаева университетинин ректорунан комендант кароолчусуна чейин азыркы соз менен айтканда оздорунчо " связь" дары бар. Ошондуктан бири бирине шылтай беришет. Билем ал жактан жатакана алыш ушунчалык кыйын чындыгында кыйын мен да убагында ошол жакта окуп жашап кыйналгам. Ооба ЖОЖ го тийешеси жок адамдарда жашачу ошондо эле
0
Taalaibek.
2012-10-02 18:33:44
Айланайын ректорлор минтип олтурсан кантип онолобуз? Биздин бала чакаларыбыз мындан ары кантип жашайт? Тээ алыскы айылдардан барып келип анан окушабы? Жол кире дагы кымбат.
0
adik0589
2012-10-03 02:08:43
Баарын коруп билип анан жазсанар. Мен ал жерде беш жыл жашагам. Бирок бирда щвейный цех коргон жокмун. бул жери аша чапкандык болуп кетти.
0
MiranA
2012-10-03 10:33:43
adik0589,материалдын видео версиясын жакшылап карасаңыз, "тигүү цехи бар" деп комендант өзү айтып жатат. Кабарчы макаланы өз оюнан жок жерден эле жаза бербейт. Дайынсыз сын айтуунун кажети жок!
0
adik0589
2012-10-03 02:10:19
"Жатаканадагы тигуу цехи деп айтылган жер" деген суроттогу эшик тигуу цехи эмес ал жер склад.
0
AshatMJ89
2012-10-03 10:44:41
adik0589 ошол цех сеники эмес беле кокусунан?
0
Begim8678
2012-10-04 08:17:27
bilim ministrinin biz okuu prog-n ele karaibyz degeni emnesi. Bilim alysh uchun shart da tuzulup, berilishi kerek. Mamleketibmiz Kyrgyzstandyn kelechegi bilimduu, yimanduu jashtardyn kolunda ekenin kachan tushunot. Je tushungusu kelbeit go... 'studenttik jatakana studentter uchun dep' okmot toktom chygara albaiby?!
0
saya4ka
2012-10-04 09:17:16
жалгыз гана Араваевда эмес, бул маселе баардык ЖОЖдордо бар. И.Раззаков атындагы университетте да буга окшогон окуя болуп эле келе жатат. Азыр барып текшерсенер да болот. Айрыкча №3-жатаканасында.
0
naglyi
2012-10-04 11:22:19
Бала бакчадан баштап ак уйго чейин ошол эле система. Кызмат ордунан пайдаланып пара алды деген беренеге ылайык КР мыйзам алдында жооп берсе жакшы болмок. Жатакананын директору Алтынбек озу жооп бериш керек эле. Баарын ошол тейлейт эмеспи.
0
naglyi
2012-10-04 11:24:41
Кыргызстанда башкасын жеп бутуп эми студенттердин жатаканасы эле калыптыр.
0
taalai.torkent
2012-10-05 19:21:43
бул корунуш мурдатан эле ушундай жана ушундай боло бермекчи, буга эч ойлонуп кыжалат болбогула
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан