Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий: «ЖОЖДО ОРУН ЖОК, МЕДРЕСЕДЕ ОКУГАНГА АРГАСЫЗ БОЛГОМ»

Чубак ажыны тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Ал ислам дининин негиздерин мыкты билген, сылык-сыпаа, сөзмөр киши катары элге сиңди. Анан да 2 жыл муфтий болуп иштеп турганда артынан жакшы да, жаман да сөз ээрчиди бул адамды. Андыктан Чубак Жалилов менен кенен маектештик.

Чубак ажынын...
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бай-Мундуз айылы.
Туулган жылы – 1975-жыл, 21-январь.
Билими – Бишкек Ислам институту. Мекке шаарындагы Араб тили институту жана Умм ал Куро университетинин шарият факультети. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 2 кыздын атасы.
Өкүнгөнү – Жумушка кадр тандаган «таразалардын» бузулуп баратканы.
Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн
1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Учурда үйүндө
5 тоннадай китеп бар. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуйт.Музыка укпайт. Учурда жазган эмгектерин китеп кылып чыгаруунун камында.

– Чубак мырза, сиздин дин жолуна түшүүңүзгө ким түрткү болгон?
– Атам себепкер болду. 1992-жылы мектепти аяктап, Түркиядагы бир университеттин экономика факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Бирок атам макулдук бербеди, «ал жактан кыйналасың, тил билишиң керек» деп токтотуп койду. Көрсө, атам каражат көйгөйүн ойлогон экен. Кыргызстанда эле окуюн десем, бардык окуу жайларда орун толуп, Бишкекте бир гана медресе калыптыр. Атам «медресеге тапшыра бер, арабча үйрөнсөң, балким, элчи болуп кетесиң» десе, апам «Мусулманкул ажыдай болуп, эл кадырлаган адам болосуң» дешип, айтор, мени көндүрүштү. Ошентип, медреседе окууга аргасыз болдум. Тагдырым дин илимине байланды.

– Пендебиз да, сиз деле кээде ачууга алдырып, ооздон орой сөздөр чыгып кетеби?
«Жок, андай болбойт» десем калп айткан болом. Мен деле адаммын да, жумушта, кээде үйдө пикир келишпестик чыкса, орой тилди колдонуп койгон учурлар сөзсүз болот. Андайда ыңгайына карап кечирим сурап, жасалма болсо да жакшы мүнөз күтө калганга аракет кылам.

– Сиз тууралуу «мүнөзү чорт, көңүлүнө туура келбеген киши менен сүйлөшпөй коёт» деген кеп уктум эле...
– Муну моюнга алам. Мүнөзүмдүн чорт экени чындык, бул мендеги «жымсалдамай» деген ыкманын жоктугу. Же болгон нерсени бурмалабай, түптүз бетке айтканымдын «жемиши». А бирок «жактырбаган кишиси менен сүйлөшпөй коёт» дегениңе кошулбайм. Убагында Аскар Акаевдин «элимдин жаркын келечеги үчүн кээде өзүмө жакпаган адамдар менен сүйлөшүүгө мажбур болом» деп айтканы бар. Мен да муфтийлик кызматта иштеп, дал ушул нерсени баштан өткөрдүм. Саламдан башка сөз айткың келбеген адамдар менен чогуу чай ичип, сүйлөшүп, маселе талкуулаганга аргасыз болдум. Мына азыр жактырбаган адамдар менен сүйлөшпөй койсом болот, укугум бар (күлүп).

– Ээрчиген ушак сөздөргө көңүл бурбай коюу сиз үчүн кыйынбы? Келинчегиңиз кандай кабыл алат?
– Албетте, далилсиз ээрчиген сөздөрдүн үй-бүлөгө да таасири тиет. Келинчегим кадимкидей капаланып, ал тургай кээде ыйлаган учурлары да бар. «Бул жакта жашабай, Базар-Коргонго кетип калалы» деген сөздөрдү айткан. Андайда «элдин оозун кантип жабам? Сөз айтыла берет, Меккеге качып кетмек белем?» дейм. Баарын сабырдуулук менен кабыл алып, кээде «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп кутулам.

– «Адистик жана аял тандоодо жаңылбаш керек» деп коёт. Сизди өйдө-ылдыйда колдоп келе жаткан, албетте, келинчегиңиз. Өмүрлүк жар тандоо жагы кандай болду?
– Турмушка аттанганда мен 24тө, келинчегим 17 жашта болчу. Жаңыдан институтту бүтүп, университетте мугалим болуп иштеп баштаган жылы таанышып калганбыз. Болочок жубайым анда 1-курстун студенти эле. Элдикиндей «сүйүү-күйүү» эмес, биздикин «бактылуу кокустук» десе жарашат. Ата-энем «жашың келип калды, үйлөн» дей бергенинен университеттеги кыздардын тизмесин карап чыктым (күлүп). Сузактан же Ноокенден, кыскасы, Базар-Коргонго жакын жердин кызы болсо деген ойлор бар эле. Анткени ата-энелер үчүн бул маанилүү эле, кудага барышат дегендей. Ошентип, Өзгөндүн кызын тандадым. Атама көрсөтсөм, «жоолук салынып, узун көйнөк кийип, этек-жеңин кирдетпей кийип жүрүүнүн өзү эле чоң эмгек» деп баа берди. Мен да жоолук салынып жүргөндүгү үчүн пикирибиз бир болсо деген жакшы ойлор менен жактыргам. Сүйлөшүп көрүп, кыргыздын салты менен кудалашып, 1-2 айдан кийин эле баш коштук.

– Түшүнүшүп жашап кетүү жеңил эле болдубу анан?
– Илимпоз, айрыкча молдонун аялы болуш өтө кыйын. Меккеде окуп жүргөндө кийим сатып албай, жеп-ичпей китеп топтодук, азыр ал китептер – менин байлыгым. Балким, ошол кезде аялыма көйнөк же мончок алып беришим керек болгондур, бирок унчукпай, туура түшүнө алды. Кээде аялдык кылып кылык-жоругун көрсөтүп коюшу мүмкүн, биз аны түшүнүшүбүз керек. Азирети Умарга бирөө «менин аялым ажаан чыкты» деп арызданып келсе, дал ошол маалда Азирети Умардын аялы да күйөөсүнө кыйкырып жаткан экен. Келген киши «ишенген кожом сен болсоң...» деп кайрылып жөнөп калса, Азирети Умар токтотуп, «аялың сага төрөп берсе, жашооңдо шерик болуп, үй ишин аркалап келе жатса, анан ошол алсыз аялдын ачуусу келип бир кыйкырып койгонун көтөрө албасаң, сенин эркектик касиетиң кайда?» деп айткан экен. Аялымды периште деп айта албайм, Кудайга шүгүр, тагдырыма ыраазымын.

– Балдарыңыздын сиздин жолуңузду улантышына каршы болбойт белеңиз?
– Уулдарымдын бири дин жолуна түшүп, илимдүү болушун каалайм. Бирок мажбурлабайм, анткени башка тармакка караганда дин жолунда жүрүү өтө жоопкерчиликтүү. Эл сенин тамак жегениңди, баскан-турганыңды, катуураак жөтөлгөнүңдү деле карай берет, кыскасы, ар дайым микроскоптун алдындасың.

– Андай көрүнүшкө кандай реакция жасайсыз?
– Элге пайдам тийип жатыптыр дейм. Муфтий кезимде жардамчыларым «уят болот» деп, базарга барышыма тыюу салышчу. Кээде жупуну кийинип барсам да, «этикет сакталышы керек, протокол бузулбашы керек» деген болор-болбос нерселер бар, ошолорду айтып калышчу. Бирок мен жашырынып эле базарга кетип же дүкөндөргө кирип соода кылып чыкчумун, протоколду бузуп.

– Үйдө 3 бөлмө толо китеп деп калдыңыз, мунун баарын качан окуп бүтөсүз?
– Менин бир өзгөчөлүгүм, китепти ушунчалык тездик менен окуп, ошол маалымат менин эсимде биротоло сакталып калат. Чыгарма окусам, өзүмчө эле «сюжетти кайдан алган, кимден уурдап алды экен?» деп изилдей бермейим бар. Бул адат менде бала кезден бери бар. Үйдөгү китептердин салмагы 4-5 тоннага жетип калат го, алардын ичинен кандай китеп бар же жок экенин жатка билем.

– Сиз муфтийлик кызматтан ден соолугума байланыштуу кеттим дедиңиз. Бирок бул жоопко эл анча ишенбей турат. Кызматтан кетишиңиздин башка да себеби бардыр...
– Ден соолугум бир аз начарлап турган, бирок ошол ден соолук менен деле иштей берсем болот эле. Мени «кетип кал» деше электе өзүм кетип калууну туура көрдүм. Кир болуп, баткакка баткым келген жок. Колдон келишинче эл-журтка кызмат кылдым. Кызматтан кеткенде «митингге чыгат элек» дегендер четтен чыкты, болбодум. Эң башкысы, элдин ыраазычылыгын эске алдым.
Өткөндө базарга барып бир кызык окуяга туш болдум. Бирөө келип банан берет, бирөөсү баштыкка салып алмасын берет, «үйүңүзгө алпарып балдарыңызга ооз тийгизип койсоңуз. Биз сизди телеканалдан көрүп турчубуз, сыйлайбыз» дешти. Эки колум баштыкка толуп кетти. Ошондон тарта базарга баргандан тартынып калдым.
Эки жылдын ичинде мени колдоого алгандар да, душман санагандар да чыкты. Атын айтпай эле коёюн, бир жолу бир депутат менин кабинетиме чейин жулунуп кирди. Мен нөөмөттө турган милицияны чакырып «бутуна ат» десем, «бул депутат, кол тийбестиги бар» дейт. «Анда менин кабинетим да кол тийгис, эмне үчүн кирип келет?» деп ары-бери болуп кеттик. Кийин Жогорку Кеңешке барсам, ошол депутат «менин айтканымды аткарсаңыз, сизге асылбайм» дейт. «Каалаганыңды кыл» деп басып кетсем, кийин да асылып жүрдү.

Автандил Добулбеков
Ташболот Досалиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий: "ЖОЖдо орун жок, медреседе окуганга аргасыз болгом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
abdumalik
2012-10-01 16:04:46
Бул адамды мен абдан сыйлаймын бар болсун! Супер инфо ошол маклук депутатты ким экенин, эмне талап кылганын тактап сураш керек эле да, корунуп тургандай кемтериндик кылып айтпады Чубак ажы, такап сураш керек эле.. Эми ал депутат куноосу жоктой оз ордунда иштей береби, ким аны жоопкерчилике тарта алат???????
+1
ROZI
2012-10-01 16:29:26
Чубак ажыдай кыргыз инсандары коп болсо Мамлекетибиз туура жолго тушот эле деген ой келет.
Чубак ажы, Сизге бекем ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм! Бар болунуз! ЖАРАТКАН АЛЛАХ ТААЛАМ сизден ыраазы болсун!
+2
alman0808
2012-10-01 16:43:08
Мен эркекмин,мен эркекмин дейбиз. Кана эркекмин дегендер ушу Чубак Ажыдай боло алабызбы? Кыйын...! Ажы аке Алла-Таала сизден ыраазы болсун. Уй-булоолук бакыт каалайм.
+2
mr_aminov
2012-10-01 17:02:12
Кыргыз элине аяабай пайдасы тийди! Аллах ыраазы болсун.
+2
Kg_boy3239
2012-10-01 19:17:43
Чубак ажы элибизге чоон салым кошту.муфтиятты ажылыкты да бир калыпка салды эле.бирок биз Чубак ажынын баркын билбей койдук.акыркы сапары Биздин Кара Кулжа районунда болду ошол кезде ооруп жатса да Максат Ажы бишкек казысы ж.б.болуп келишкен экен жума куну.Аллах ийгилик берсин.
+1
shkiper
2012-10-01 19:31:54
Чубак ажынын ыйманычалык ыйман биздин депутатарыбызда болсо коорупсия деген нерсе болмок эмес,АЛЛАХ ыраазы болсун сизден,элибизге кооп коп дуба кылып койун.
+1
Stalbek86
2012-10-04 14:23:03
Аллах раазы болсун сизден,биз сиз менен сыймыктанабыз, Сабырлуу болун.
+1
SsKk
2012-10-07 17:49:05
Боблгону биз Кыргызстан мусулмандары, татыктуу муфтийге озубуз татактуу боло албадык.Окунучтуу.Кантсе да биздин амалыбыз мындай амирге жете элек экен да.Эл кандай болсо, Эл башчы ошондой болот.Ошондуктан мусулман бир туугандар озубузду ондойлу коп дуба кылалы анан эл онолот.Оо Аллахым биздин амалдарыбызды Пайгамбарыбыздыкындай жана сахабалардыкындай кыла кор?!
0
ulan1981
2012-10-08 01:05:58
сизди эл мактайт рухий байлыгынызды остуро бериниз депутатка эмес аллахка моюн сунабыз да байке мусулман адам муфтиятка иштоосу харам болушу толук мумкун аллах улук туурабы байке аллаху акбар.............
0
Shekerbek
2012-10-09 14:50:07
машаллах! бар болунуз! Аллах Таала илимди берген сизге, даанышмандык кылдыныз муфтийликте иштеп жургондо да! Кана эми биз да сизге окшоп Умм аль Курада илим алсак...
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан