19-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда спорт коомчулугунун биринчи курултайы өткөрүлдү. Курултайга ата мекендик спорттун ардагерлери, бул жааттагы мектептердин машыктыруучулары жана Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов катышышты. Отурумда өлкөдөгү спорттук көйгөйлөр, машыгуучу жайлардын аздыгы жана машыктыруучулардын алсыздыгы тууралуу маселе козголду. Курултайдын катышуучулары жогорудагыдай талаптар менен катар УОКтун президенти Мурат Саралиновдун ордун бошотуусун талап кылышты. Буга Саралинов: «Спортчулардын Олимпиададагы натыйжалары үчүн УОК жооп бербейт. Бул үчүн мен кызмат ордумду таштап кетүүнү ойлогон да эмесмин»,- деди. УОКтун жаңы президентин шайлоо 2013-жылы болот. Жалпылап айтканда, аталган курултайга «мүдөөсүнө жетпеди» деген баалар берилүүдө.