Ушуга эле катарлаш КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Улуттук дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев «отчёт» берди. «Лондон-2012ден» кийин жетекчилерге суроо узатууга мүмкүнчүлүк табылган эмес, атүгүл таптырбай кетишпеди беле. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү текке кетирбей, «Лондон-2012» Олимпиадасына байланыштуу суроолор жаап жатты.
Ал жакында: «Атайын олимпиадалык база даярдоо маселеси каралып жатат. Каражат бөлүнсө, Ысык-Көлдө спорттун 10 түрүнө ылайыкташкан борбор курулуп, спорттун массалык түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат»,- деп билдирди.
Мурат Саралиновдун «100 миң сом стипендия алган спортчулар ишеничти акташкан жок» деген кеби эл ичинде күдүк ой жараткан эле. Бул маалыматты тактоо үчүн Мамлекеттик спорт жана дене тарбия агенттигине кайрылганыбызда өлкөдө жалпы 257 спортчу 6 категорияда стипендия аларын айтышты. Алардын ичинен эң жогорку категориядагы спортчулар Мурат Саралинов айткандай 100 миң сомдон эмес, 45 миң сомдон гана алары белгилүү болду. Ал эми эң төмөнкү категориядагы спортчулар 2 миң сомдон алышат.