Жакында Дубайда «КО» клубу менен Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) тай бокс жана кикбокс боюнча эл аралык мелдеш өткөрдү. Маалым болгондой, бул мелдешке кыргызстандык Русланбек Калмурзаев (тай бокс боюнча 83 килограмм салмакта) менен Санжарбек Төлөнбаев (кикбокс, 67 килограмм) катышып, 2-орунду ээлеп келишкен. Эске салсак, бул мушкерлер Дубайга кыргызстандык жеке ишкер, вин чунь кунг-фу боюнча спортзалынын кожоюну Кубанычбек Төрөбаев аркылуу барышкан. Тактап айтсак, көп жылдан бери Дубайда жашап, кыргыз спорту үчүн күйгөн бул мырза мелдешке чакыруу келгенде дароо Бишкектен бул спортчуларды алдырган. «Жигиттер ишенимди актап чектелбей, эл аралык мелдеште тажрыйба алып, спорт жаатында дүйнө таанымы өзгөрө түштү»,- дейт бул тууралуу Кубаныч мырза.