Өткөн аптанын дем алыш күндөрү Токмоктогу аэродромдо картинг боюнча КРнын Ачык чемпиондугу өткөрүлдү. Бул мелдештин 3-этабы 2 күн бою жарыш сүйүүчүлөрдү майданга чогултту. Биринчи күн мелдешке келген казак жана орус туугандарды трасса менен тааныштырууга арналса, экинчи күнү саат 10до жарыштарга старт берилди. Бул спорттун канды кызытып, көрүп отургандарга ырахат тартуулаган сапатына байланып, күйөрмандар көз байланганча үйлөрүнө тарашкан жок. Мелдеште 6 класс боюнча 42 спортчу ат салышты. Жеңүүчүлөр медаль жана баалуу сыйлыктарга арзышты.