БАБАНОВДУН АРГЫМАГЫ БИРИНЧИ

25-сентябрь күнү Бишкек шаарынын 134 жылдыгына жана Бишкек баатырдын 310 жылдыгына карата бир катар иш-чара уюшулду. Анын ичинде «Аккула» ат майданында Кыргызстан жана Казакстандын күлүктөрүнүн катышуусунда ат жарыштар уюшулду. Кызыгы, буга чейин такай байгелүү орундарга илинип келген казак боордоштор бул жолу бир гана байгеге ээ болушту. Ат чабыштардын жалпы байге фонду 1 миллион сомду чапчыды. Кызыгы, кыска аралыкка ат чабышта мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 2 аргымагы 1-2-орунду ээледи. Ат чабыштын 5 түрү, анда байге алган аргымак-жорголор жана алардын ээлери кимдер экенин төмөндөн караңыз.

КЫСКА АРАЛЫККА АТ ЧАБЫШ(2200 метр, байге – 150 000 сом)
1-орун: Айландер Уан (Бишкек, ээси Өмүрбек Бабанов). Байгеси – 80 миң сом.
2-орун: Жемйем (Бишкек, ээси Өмүрбек Бабанов). Байгеси – 50 миң сом.
3-орун: Ароша (Бишкек, ээси Улан Батыркулов). Байгеси – 20 миң сом.

ЖОРГО САЛЫШ (8800 МЕТР, БАЙГЕ – 180 000 СОМ)
1-орун: Акбар (Бостери, ээси Мырзабек Үчкурткаев). Байгеси – 100 миң сом.
2-орун: Олбур (Тоң району, ээси Элдияр КЖ). Байгеси – 50 миң сом.
3-орун: Палван (Чолпон-Ата, ээси Алмаз Акунов). Байгеси – 30 миң сом.

КУНАН ЧАБЫШ (11 000 МЕТР, БАЙГЕ – 120 000)
1-орун: Сүлүккара (Талас, ээси Улан Сырдыбаев). Байгеси – 60 миң сом.
2-орун: Каракөз (Аламүдүн району, Алмаз Моңолбаев). Байгеси – 40 миң сом.
3-орун: Келечек (Токмок, ээси Элмурат Абакиров). Байгеси – 20 миң сом.

ТОП БАЙГЕ (13 200 МЕТР, БАЙГЕ – 170 000 СОМ)
1-орун: Мэри (Бишкек, ээси Нурдин). Байгеси – 90 миң сом.
2-орун: Кейт (Бишкек, Кубан Нурбаканов). Байгеси – 50 миң сом.
3-орун: Акмаңдай (Казакстан, ээси Саин Бакаев). Байгеси – 30 миң сом.

АЛАМАН БАЙГЕ (19 800 МЕТР, БАЙГЕ – 320 МИҢ СОМ)
1-орун: Актилек (Аламүдүн району, ээси Айдар Утуров). Байгеси – 150 миң сом.
2-орун: Аракет (Кочкор, Маматкул Бостонов). Байгеси –
80 миң сом.
3-орун: Пантера (Кара-Балта, ээси Рамазан Баров). Байгеси – 50 миң сом.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан