ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ

22-сентябрда Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдешке республиканын аймагынан 42 кий чебери чогулду. Басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн мелдештин финалына Ызатбек Раатбеков менен Дастан Лепшаков жетип (сүрөттө Ызат оң тарапта), 7:4 эсебинде Ызат жеңишти оодарып кетти. Ал эми 3-орунду мартта Кыргызстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунун триумфатору Канат Сыдыков менен Оштон келген Базарбек уулу Бекболот ээледи. Чемпион тууралуу айтсак, Ызат буга чейин бир ирет Бишкектин чемпиону аталган. 2 ирет Өлкө чемпиондугунун финалында мөрөйдү алдырып жиберген. Чемпиондук менен катар спорттун чебери аталууга жетишкен Ызатбек Раатбековду кезектеги жеңиши менен куттуктайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан