КОЙЛОРДУН КЫРЫЛУУСУНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Бир топ күндөн бери көпчүлүктүн көңүл чордонунда турган Жалал-Абад облусундагы койлордун кырылуусу тууралуу окуяга чекит коюла элек. «Чечек оорусуна каршы эмдөөдөн кийин койлордун массалык кырылуусуна ким күнөөлүү?» деген маселе иликтөөгө алынып, кылмыш иши козголду.

ӨЛҮМ ЭМДӨӨДӨН КИЙИН БАШТАЛГАН
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыргынга учураган койлордун саны, акыркы маалыматтар боюнча, 1912 башка жетти. 8-сентябрь күнү аталган райондо чечек илдетине каршы алдын ала эмдөөдөн өткөн 2808 кой 14-сентябрдан баштап массалык түрдө кырыла баштаган. Учурда койлордун өлүмү уланууда. 1374 кой ветеринардык эрежелердин негизинде көмүлгөн.

КЫРГЫНГА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Массалык кырылуу боюнча Өзбекстандын жараны Зиядин аттуу адамга, андан дарыны алып, кайра элге саткан Талип Ташболотов, Махабат Масалиевага жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши ачылды. Алынган маалыматка таянсак, Зиядин Өзбекстандан аткезчилик жолу менен 4000 доза алып келип, аны ветеринар Талип Ташболотовго саткан. Вакцинаны сатып алган ветеринардык дарыгер анын 3300 дозасын эмдөө жүргүзүүгө жумшап жиберген.
Ветеринардын айтымында, дары Орусиянын Покров шаарындагы Илим-изилдөө институтунан чыгарылган. Кылмыш иши ачылгандан кийин калган дозасы милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылган. Учурда ИИМдин жетекчилиги тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында карантиндик посттор орнотулуп, профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
Өлгөн малдын этин 5000ге жакын адам жеген
Маалыматтарга караганда, өлгөн 200-300 койдун эти элге тарап кетип, аны 5000ге жакын адам жеген. Өлгөн малдын эти текшерүүдөн өткөрүлүп, анда уу жана чечек оорусун козгогучтар табылган эмес. Бирок кырылууга алып келген дары адамдын ден соолугуна кандай таасир тийгизери азырынча аныктала элек. Бактыга жараша, ууланган малдын этин жеп ден соолугу начарлап кеткендер каттала элек. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында 22-сентябрдан тарта кой этин сатууга тыюу салынды. Республикалык ветеринардык департамент тарабынан койлорду кыргынга учураткан дары Москвага атайын текшерилүүгө жиберилди.

БУЛ ВАКЦИНА ӨЗБЕКТЕРДИН ДА МАЛЫН КЫРГАН
Бул вакцина алгач Өзбекстандын аймагында колдонулган. Ал өлкөнүн маалымат булактарында Жиззах, Кашкадарыя, Самарканд облустарында эмдөө жүргүзүлгөн койлордун 12 000и кырылып калганы айтылат. Ал эми такталбаган маалыматтарда бул көрсөткүч 50 000 башка жеткен делүүдө. Өлгөн койлордун айрымдарынын эти жергиликтүү эт комбинаттарына жана колбаса чыгаруучу цехтерге сатылып кеткен. Өзбекстандын тиешелүү органдары да бул дары өлкөгө аткезчилик жол менен келгенин такташкан.

Калмырза Шамурзаев,чабан:«МЕНИ КӨЧҮП КЕТ ДЕП ЖАТЫШАТ»
– 66 жаштамын. Элдин малын жайлоодо багып, акы алып турмуш кечирчүмүн. Ушуга чейин жумушум боюнча элдин нааразычылыгын уккан жок элем. 8-сентябрь күнү короомдогу бир койдон чечек оорусунун белгилерин байкап, дароо айылдык ветеринарга кайрылгам. Ал келип көрүп, дары таап келейин деп кеткен болчу. Анан 12-сентябрда койлордун ээлери менен биргеликте баарыбыз мал доктур таап келген дары менен койлорду эмдеткенбиз. 415 койдун ичинен 11 койго дары жетпей калган. 17-сентябрь күнү бир коюм баса албай калыптыр. Оюмда эч нерсе жок, ээсине телефон чалып «кеселдеп калды» десем, алып кетти.
Арадан көп өтпөй дагы бир кой жыгылды. Анан дагы бири, анан дагы... Койлор өзүнүн жүнүн өзү жеп, тебинип, кашынып, бир ордунда тура албай калышты. Алгач котур оорусу окшойт деп түнү менен кыжалат болуп, уктабай чыктым. Эртең менен карасам, короомдо 10дон ашык койдун өлүгү жатат. Арасында тыбырчылап жаны чыга электери да бар экен. Денелери тимеле от менен жалын. Өлө электерин шашылыш мууздап жибердим. Бир күндө 55и өлдү, жалпысынан 228 кой кырылып, өлүктөр үймөк болуп кетти.
Анан дароо ветеринарга чалып, өлгөн койлорду жүктөп, айыл өкмөтүнө бардык. Алардын кош көңүл мамилесинен улам өзүм койдун этин текшерткени Сузакка бардым. Эртеси этте эч кандай жугуштуу дарт жок экенин айтышты. Жегиле, жебегиле да дебеди. Аким келип элге жыйын өткөрүп, жебегиле деп айтып, базарларды да жаптырып койду. Болбосо, ким билет, баары базарга көтөрүп жөнөшмөк беле...
Биздин жайыт жактан суу жакшы чыкпагандыктан, жогорку айыл жакка айдап барып сугарчумун. Кийинчерээк ал жактын эли да «айдап келбе» деп калышты. Жугат деп коркуп жатышат да. Айыл өкмөтүндөгүлөр да «айылдан алысыраак көчүп кет» деп жатышат. Билем, суунун бою. Бирок 6 чакырым жерге жеткенче койлорум кырылып калбайбы жол-жолдо? Ал жерге көчүп кетип калсам, менден кабар албай коюшабы деп корком. Балдарым да мектепке бара албай калышат.

Кубаныч Сыдыков
Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
tilain
2012-10-01 10:19:04
jogoruda kyrgynga uchuragan mal janibarlar uchun jana oz ishterini tuura tak atkara albai jatkan ozubuzdun veterinar dokturbekteribiz aiptar oshondoi ele oblastik veterinar departament jetekchileri shalaakilik atkargan ishinin kesepeti!!! Bizdin veterinarialik ahbalibiz oor.
0
dia-omur
2012-10-01 20:30:01
men suzaktan bolom kg zv kylsan ele apana ait bizge ak4a salsyn biz din bazar karantin bolup ak4abyz jok dewet iwenbedim ele korso tura turbaiby
0
asanov.chyngyz
2012-10-06 21:01:10
1-ден аксакал кайрат кылын 2-ден ошол дары алып келген адамды сотош керек .
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан