ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер көп.

«ГРУППАЛАШТАРЫҢ СЕНИ ИЗДЕШЕТ...»
– 2009-2010-жылдары БМЭИУда (БГУЭП) чогуу окуган Махида Жумабаева аттуу группалаш кызымды издейм. Аны группалаштардын баары окууну аяктаган соң көрүшө элек экен. Махида, эгер окуп калсаң, биз менен сөзсүз байланыш. Биз сени издеп жатабыз.

Группалаштары, тел.: 0773 24-00-55

«ТУРМУШКА ЧЫККАНДАН БЕРИ БАЙЛАНЫШЫБЫЗ ҮЗҮЛДҮ»
– 1971-1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде чогуу окуган эң жакын курбум Алина Жусупакматованы издейм. Алина Ысык-Көл облусунун Тоң районуна турмушка чыккан. Ошондон бери ортобуздагы байланыш үзүлдү. Курбума жолугуп, студенттик күндөрдү эскергим келет.

Нуржан Акылбекова,
тел.: 0777 18-78-85, (0312) 38-52-39

«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Менин аты-жөнүм – Фарида Урманбетова. 51 жаштамын. Өзүм Чүйдүн кызымын, тагыраак айтканда, Беш-Корук айылынан. Кочкорго турмушка чыккам. Чолпон Алыбаева деген дос кызымды издөөдөмүн. Чолпон Талас облусунун Талды-Булак (Конезавод) айылында 1962-жылы март айында туулган. Кошуна айылына эле турмушка чыккан. Акыркы жолу «Асса» станциясы деген дарек менен кат келген. Ошол каттан кийин катнашыбызды жоготтук. Жолдошунун аты-жөнү Алик Жумалиев эле. Акыркы катында Жылдыз аттуу кызынын жана Максат деген уулунун сүрөттөрүн салган. Силердин «Издейм сени» деген рубрикаңарды окуп алып, курбум Чолпонду издөөгө бел байладым. Кимде-ким Чолпонду тааный турган болсо, мага жардам берсеңиздер. Урматтоо менен Фарида Урманбетова.

Дарегим: Ысык-Көл облусу,
Каракол шаары, Тельман көчөсү-2б.
Тел.: 0553 500 377

«АЙЖАМАЛ ТҮШҮМӨ КИРГЕН САЙЫН ЖҮРӨГҮМ СЫЗДАЙТ»
– Мындан 3-4 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2008-жылы жай мезгилинде Бишкекке «Банд`Эрос» тобу концерт койгон. Ошол күнү капысынан Айжамал аттуу кызга жолугуп калдым. Ал кызды бир көрүүдөн сүйүп калганымды билбептирмин. Экөөбүз жумуштан бошобой, көп деле жолуга албадык, телефондон гана сүйлөшчүбүз. Кийин бирөөлөрдүн ушак сөзүнө ишенип, Айжамал менен сүйлөшпөй калдым. Аны достору, туугандары Калбү деп аташчу.
Чынын айтсам, ушул убакытка чейин унута албайм. Түшүмө кирген сайын жүрөк сыздайт. Кыргызстанга эмгек өргүүгө барганда издедим, бирок таппадым. Акыркы үмүтүм сиздердин «Издейм сени» рубрикасында. Айжамал башка бирөө менен турмуш куруп кетиши да мүмкүн. Ошондой болсо да Айжамалдан кечирим сурагым келет. Билгендер болсо, телефон номерин же дарегин берип койсоңуздар.

Тел.: 8 905 581-81-36, 8 925 206-58-62
almazbek_dyikanov@mail.ru

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз. Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан