КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ИРЕТ ЗЕРГЕРЛЕР СЫНАГЫ ӨТТҮ

СЫЙКЫРДУУ БАКЧАДАГЫ ЖОЛУГУШУУ
20-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Сыйкырдуу бакчадагы жолугушуу» аттуу зер буюмдарынын эл аралык көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөдө КРнын Эл сүрөтчүсү, зергер Виктор Сырневдин, дүйнөгө таанымал германиялык Михаэл Цобель, Герберт Фишер, Бернд Мунштайнер жана кыргызстандык белгилүү сүрөтчү, зергерлердин кайталангыс эмгектери көрүүчүлөрдүн көз жоосун алып турду.

СЫНАКТА БИР ҮЙ-БҮЛӨ ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ
Зергерчиликти искусство жагынан өнүктүрүүгө багытталган иш-чаранын алкагында Кыргызстанда 1-жолу зергерлер арасында эл аралык сынак уюштурулуп, ага кыргызстандык 9 сүрөтчү-зергердин 30дан ашуун эмгеги көрсөтүлдү. Сынак алгачкы ирет өткөрүлүп жаткандыктан, шакектер боюнча гана өттү. 21-сентябрь күнү сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Баш байгеге сүрөтчү Валерий Руппелдин мельхиор, мамонттун сөөгүнөн жана кораллдан жасалган эмгектери илинсе, 1-орун анын жубайы Надежда Кононова-Руппелге буюрду. Алдыңкы орундарга ээ болгон бул үй-бүлө калыстар тобун да таң калтырды. Себеби жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү айтылбай, шакектер штрих-коддор аркылуу гана аныкталган эле.
2-орунду Жакшылык Чынтемировдун күмүш, көздөрү коралл жана сөөктөн турган «Чолпон» аттуу шакеги илип кетти. Ал эми 3-орунга жаш сүрөтчү Елена Борзованын күмүш менен бихи (айва) дарагынын жыгачынан жасалган «Черепашка Фрося» шакеги жана Алексей Агибаловдун мельхиор, акак жана гранат ташынан жасалган «Жемчужница» шакеги ээ болду.

БАЯГЫ ЭЛЕ ЖОКЧУЛУК
«Сыйлык жагынан айта турган болсок, чындыгында, бул жакка эч кандай акча каралган эмес. Себеби бул көргөзмөдөгү эмгектердин баалары кымбат болгондуктан, андан көп суммадагы сыйлык керек болуп, демөөрчү табылбаганы өкүндүрөт. Бирок сынакка катышып, улуу адамдардын сынынан өтүп, сыйлык баракчаларын алуунун өзү эле чоң жетишкендик деп эсептейбиз»,- дейт иш-чаранын аналитиги Перизада Стамкулова.
Сынактын жана көргөзмөнүн уюштуруучусу Виктор Сырнев сынактын жыйынтыгында: «Сынакты өткөрүү көп жылдан бери оюмда бар эле. Эми муну жыл сайын өткөрүүнү салтка айлантабыз. Биздин зергерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшүбүз керек. Бизде чыгармачылыкка бардык материалдар жетиштүү. Алтын десек алтыныбыз бар. Андыктан биз зер буюмдарын жасап сатуу боюнча Азия чөлкөмүндө гана эмес, дүйнөлүк аренада ордубузду табууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кадам ташташыбыз керек»,- деди.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргызстанда алгачкы ирет зергерлер сынагы өттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Begim8678
2012-10-01 12:36:10
abdan jakshy kubanychtuu janylyk.
0
ilgez
2012-10-02 11:38:30
аукционго коюп сатылса абдан жакшы акча болот го .
0
Jamalym
2012-10-02 20:19:16
1-орунду алган аялдын эмгеги жакты
0
aiba911103
2012-10-04 12:39:13
jakwy eken
0
rozaida
2012-10-08 22:25:23
Коздун жоосун алган зер буюмдар чебер адамдардын колунан келет. Онорунор оркундой берсин!
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан