ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-октябрдан 7-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада тааныштарыңыздын чырына аралашып, алардын бирин жактоо сизге маселе жаратышы мүмкүн. Андыктан калыс болууга аракет кылыңыз. Шаршембиде такталбаган маалыматка ишенип өз алдыңызча жыйынтык чыгарууга шашылбаңыз. Дем алыш күндөрү бойдоктор жагымдуу жолугушууга күбө болушмакчы.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө ички туюмуңузга таянып иш-аракет кылсаңыз, көп нерседен куру каласыз. Ийгиликке жетем дегендер жакындарынын берген кеңешине кулак салуулары зарыл. Жумуш ордун алмаштырууну көздөгөндөр акыркы чечимди кабыл алуу эртелик кыларын эсине алуусу керек. Апта аягында конокко барууңуз жана жаңы таанышуулар күтүлүүдө.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Майда маселелерге көңүл бурбай, активдүү болсоңуз, бул аптада көп ийгиликтерди жаратасыз. Бейшембиде жакындарыңыздын биринин маселесин чечүү менен алек болосуз. Жума күнү кандай иш болсо да тактык керек. Болбосо катачылык кетирип, убара тартып каласыз. Апта соңунда таарынышып кеткен жакын адамыңыз менен мамилеңиз кайрадан жанданат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул жумада жашооңузду жакшы жакка бурууга түрткү болгон мүмкүнчүлүк жаралат. Мындай мүмкүнчүлүк келечектеги кадамыңыздын ийгиликтер менен коштолушуна жакшы шарт түзөт. Жума күнү чечим кабыл алууда шашылбай, мүмкүн болсо кийинкиге калтырганыңыз оң. Эс алуу күндөрү ден соолугуңузга кам көрүүнү биринчи орунга коюңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө алдамчылардын тузагына илинип калуу коркунучу бар. Андыктан ар бир иште сак болуу керек. Апта ортосунда бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн баштаган ишинин жыйынтыгы жемиштүү болот. Жума күнү сүйүү жаатында жаңы багытка ээ болосуз. Апта соңу жакын тууган, досторуңуздун курчоосунда көңүл ачасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада көптөн бери күткөн сурооңузга жооп табылат. Ошондой эле акчалуу да болосуз. Шаршембиде достук мамиледе жүргөн адамыңыз өз сүйүүсүн билдириши мүмкүн. Бейшембиде айланадагылар менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Эс алуу күндөрү күтүүсүз жолугушууга кез келесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиз үчүн бул апта үйдөгү же жумуштагы майда чырлар менен башталмакчы. Айрым түгөйлөр ортосундагы пикир келишпестик чоң маселеге айланып кетиши мүмкүн. Андыктан эмоцияга алдырбай, ынтымакка келүүгө аракет көрүңүз. Ишембиде үйүңүзгө конок келиши мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада алыс жолго аттанууну белгилесеңиз, аны кийинкиге жылдырууну сунушташат жылдыздар. Себеби жол жүрүү кооптуу. Акчаңызды үнөмдүү колдонбосоңуз, апта соңунда тартыштык жаралышы мүмкүн. Апта ортосунда тааныштарыңыздын арасынан көрө албастык кылып, бут тоскондор чыгат. Жекшембиде эс алуучу жайлардын бирине баш багып, чер жазасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишке ашырууну көздөп жүргөн планыңыздын үстүнөн иштөөгө ыңгайлуу апта. Айрым кызматкерлердин иш ордунан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн активдүү болуп, идеяларды тартынбай ортого салуу зарыл. Шаршембиде сапарга чыгууңуз күтүлүүдө. Апта соңунда бүтүрүүгө зарыл болгон иштерди кийинкиге калтырбаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Максатка жетүү үчүн керектүү адамдар менен тил табыша билиңиз. Сүйүү жаатында түшүнбөстүк жаралып, жүрөгүңүздүн ээсинен кол үзүп калууңуз мүмкүн. Шейшембиде материалдык чыгымга учурап, маанайыңыз чөгөт. Жекшембиде маанилүү иштен четте калбай, аракеттене бериңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде унутта калган адамга кезигип, өчкөн сезимдер кайрадан тутануусу мүмкүн. Иш жаатында майда иштерди кийинкиге жылдырып, негизги иштерди бүтүрсөңүз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Шейшембиде өзүмчүлдүккө жол берсеңиз, жалгыз калуу коркунучу бар. Апта соңунда каржылык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Катачылык кетирип, чоң чыгымга кириптер болбоюн десеңиз, документ иштеринде так болуңуз. Апта ортосунда жакындар арасындагы мамиленин салкындап кетүү коркунучу бар. Ишембиде алыстан жагымдуу кабар угасыз. Жекшембини жеке өзүңүзгө арнап, жан дүйнөңүздү азыктандырууга шарт түзүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан