1853-жылы 24-август күнү АКШдагы курорттордун биринде кызыктуу бир окуя болгон. Курорттун ашканасына кирген кардар куурулган картошка жеп отуруп «картошка өтө чоң тууралып калыптыр» деп нааразы болот. Муну уккан ашпозчу картошканы өтө жука тилип, майга кууруп алып келип берет. Картошканын мындай бышырылганы кардарга да, ашпозчунун өзүнө да абдан жагып калат. Ошол күндөн тарта картошка калдырканы ар бир столго коюлуп, АКШнын эң белгилүү тамагына айланган экен. Ооба, картошка калдырканы жегенге жагымдуу, даамдуу. Бирок курамында пайдалуу витаминдер, минералдар жок. Тескерисинче, мындай кытыракты көп жеген адамдардын иммунитети начарлап, терчил, алсыз болуп калышат. Андан тышкары баш айлануу, кыжырданууну да алып келет. Андыктан эмкиде апаңарга «картошка калдырканын сатып бер» деп ыйлабагыла, достор. Анын ордуна ата-эне айткан тамакты жесеңер, күчтүү, сулуу жана акылдуу болосуңар.