Бул телефон номерлерин кагазга жазып, көрүнүктүү жерге илип коюуну унутпа!
Эч качан чоочун адамга үйдүн эшигин ачпа!
Үйгө чоочун адамдар киргенге аракет жасап жатышса, жаныңда телефон жок болсо, балконго чыгып жетерезени ачып «жардамга!» деп кыйкырыш керек.
Лифтке же подъездге бейтааныш адам менен чогуу кирбе!
Ата-энең жумуштан келгенде кимдер телефон чалганын, кимдер эшик какканын айтып берүүнү унутпа.
Окуудан келе жатып үйүңдүн астында сага тааныш эмес адам турганын көрсөң, кошунанын үйүнө өтүп кет. Кошуна эшикти ачканда андан жардам сурасаң болот.
Гараждын жанында, машина көп токтогон жерде, жолдун жээгинде ойнобо!Чоочун адам «балмуздак сатып берем», «үйүңө жеткизем» десе, аны менен эч жакка барба! Тоноочуларга жолугуп кала турган болсоң, айтышпастан сураган нерсесин берип кой. Ата-энең андан да жакшысын сатып берет.