КАРА ТАШТАРДЫН СЫРЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Жигиттер жыгач эмес, кара таш күйүп жатканын көрүшүп аң-таң калышат да, бул окуяны ханга айтып келишет.
– Кара таштар дейсиңерби? Ал кандай таштар экен? Мунун сырын билген адамды мага тезинен таап келгиле!- деп ызырынат Көмүр хан.
Арадан бир күн өтпөй жигиттер Чыракты хандын алдына алып келип, тизе бүктүрүшөт.
– Мага бул таштардын сырын айт, болбосо элиңди курутам!
Хандын каарын көрүп, ал тирүү турганда эл кордуктан арылбасына көзү жетет да, Чырак бир ойду ойлой калат.
– Кулдугум бар, ханым! Аны азыр айтайын, ошол кара таштардын баарын жыйнатып келсеңиз, өз сырын алар өздөрү эле ачып беришет,- дейт.
Жигиттер кечке жакын табылган кара таштарды өгүзгө артып хан сарайга алып келишет.
– Кана эми, сырын айттырбайсыңбы?- деди Көмүр хан Чыракка карап.
– Азыр, таксыр,- деди да, Чырак кара таштарды коломтого үйүп, тамызууга киришип калды.
– Эми сиз үйдөн чыкпаңыз, отту карап отура бериңиз, сизден бөлөк киши билбесин.
– Макул, менден башка жан билбесин, эшикти бекит,- деди хан сүйүнүп.
Чырак сыртка чыгып түндүктү тартып, эшикти бекитип коюп, сыртта күтүп турмай болот. Кара таштар күйүп, үйдүн ичи түтүнгө толо баштады. Көмүр бий «кара таштар сырын качан айтат?» деп отура берет. Бирок таштар түтөгөндөн бөлөк эч нерсе кылышпады. Бир аздан соң хан көмүрдүн исине ууланып өлөт.
Ошентип, каардуу хандын өлгөнүнө эл аябай сүйүнүп, Чыракты хан көтөрүп алышат. Ошондон кийин эл кара таштарды каалашынча жагып, аны хандын атынан көмүр деп атап алышкан экен.

(Аягы)

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан