КЫШ КАТУУ БОЛОТ ДЕШЕТ.ОТУН-СУУҢУЗ ДАЯРБЫ?

«Быйылкы жылдын кышы да катуу болот экен» деген кепке күздүн биринчи айынын эле суук боло түшкөнү далил. Жер-жерлерде чөптүн баасы түшпөй асмандап жатканда, эми минтип көмүр да кымбаттай баштады. Өкмөт кар жааганда ойгонобу же чара көрө баштадыбы?

ШАДИЕВДЕН КӨМҮРДҮ КИМ СУРАЙТ?
Бардык ишке алдын ала эмес, босогого кирип келгенде гана киришүү каныбызда барбы, айтор, жайы бою чардап, суук түшкөндө кыштын камын ойлой баштайбыз. Энергетика жана өнөр жайдын экс-министри Аскарбек Шадиев үстүбүздөгү жылдын жаз айларында «келерки кышта эч кандай маселе жаралбайт, даярдыктарды азыртадан баштадык» деген эле. Мурунку өкмөттүн айтымында, көмүр былтыркыга караганда эрте ташылып келинип, көмүр сатуучу базалар жай айынан баштап эле иштей баштамак. Макул, өкмөт алмашты. Шадиев кызматтан кетти. Бирок ошол жаз айынан бери келет деген көмүр жаңы өкмөт куралганга чейин чогулган жокпу? Же жаңы келген өкмөт Аскарбек мырза чогулткан көмүрдү өзү менен кошо кетирип жибердиби?
Жаңы келген министр Автандил Калмамбетов деле Аскарбек Шадиев иштеп турган маалда анын орун басары болчу. Ошентип, бир топ маселелер азыр да чечилип бүтпөдү.

«АВАРИЯЛЫК ӨЧҮРҮҮЛӨР КӨП БОЛОТ»
Энергетика жана өнөр жай министрлигине байланышка чыкканыбызда Кыргызстандын калкына керектелүүчү көмүрдүн 40 пайызга чукулу гана камсыздалганын айтышты. Калкты жылуулук менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга 2 миллион тоннанын тегерегинде көмүр керектиги эсептелинип чыккан. Бирок учурда көмүрдүн 770 миңдей тоннасы гана даяр болгонун министрликтен билдиришти. Сентябрдын аягы болуп калгандыктан, бир айдын ичинде эле планда каралган көмүр толукталарына көз жетпей жаткан учур.
Анын үстүнө «Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга аз. Андыктан авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн»,- деди Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов.

БЫЙЫЛ КАРА АЛТЫН ТАРТЫШ
Бишкек жана Ош шаарларынын Жылуулук электр борборлорунун кызматынан пайдалангандар үчүн жылуулуктун баасы көтөрүлбөй, электр энергиясынын баасы да мурункудай калат. Эки шаарда жайгашкан Жылуулук электр борборлоруна мазут толугу менен алынып келинген. Бирок көмүр менен 70 пайызга гана камсыздалды.
Ал эми көмүр менен кыштап чыгуучулар эмитеден отун-суусун даярдай беришсе болот. Анткени былтыркы уулуу көмүрдөн чыккан чуудан улам серепчилер быйыл көмүр тартыш болорун айтышууда. Көмүр сатып алуу боюнча тендерге Казакстандын бир канча ишканасы катышуудан баш тартып, бул жылы өлкөгө 900 миң тоннанын ордуна 200 миңдей тонна алынып келинген. Кыргызстандан казылып алынган көмүрдүн кээ бир түрлөрү Бишкек жана Ош шаардык Жылуулук электр борборлоруна ылайык келбегендиктен, Казакстандан ташылып келинет. Көмүрдүн тартыштыгын уккан кара алтынды алып-сатуучулар баасын өз билгениндей көтөрүп алышууда. Мисалы, алыскы Сүлүктү кенинен чыккан көмүрдүн бир тоннасынын баасы Баткен облусунда 13 миң сомго чейин чыкты. Буга байланыштуу: «Сырттан келген көмүр тонналап вагон менен келгени үчүн арзан. Биздин алып-сатуучулар керектүү жерге унаа менен ташып, күйүүчү майга кеткен чыгымын актап жана өздөрүнө киреше табуу үчүн баасын кымбаттатып жиберишүүдө»,- деп жооп беришти Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинен. Мейли, унаа менен ташып, сарпталган күйүүчү майдын чыгымы жана кирешеси үчүн акча кошсун. Ошентсе да 13 миң сом деген карапайым калктын капчыгына туура келбейт. Андыктан жаңы куралган өкмөттүн командасы мындай кырдаалга көңүл бурбаса болбойт. Анткени көмүрдүн баасы 10 миң сомдон ашса, акчаны үнөмдөө максатында жылуулук үчүн электр энергиясын колдонуп баштайт. Мурунку жылдардагыдай маал-маалы менен электр энергиясы өчүрүлсө, кышта тезек тергенге кеч болуп калат.
«Сактыкта кордук жок» деген жакшы сөз бар. «Суук түшсүн, кар жаасын» деп отура бербей, колдон келишинче кышка отун-суубузду даярдайлы. Серепчилер да, энергетиктер да көмүрдүн тартыштыгы тууралуу кулак кагыш кылышууда. Анан да энергетиктер электр жарыгын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышат. Антпесе мурунку көрүнүштөр кайра кайталанып, жарыксыз калышыбыз толук мүмкүн.

КЫШКА ДАЯРДЫГЫҢЫЗ КАНДАЙ?

Ноокат Кадыров, айдоочу, Ысык-Көл:
– Бүгүнкү күндө баары кымбат. Отун, көмүрдүн баасы асмандын башы. Эми чындап тезек терет окшойбуз. «Жарык өчөт» дегенди угуп алып, «кандай айла кылабыз?» деп отурабыз. Кышка такыр даярдык жок. Электр маселеси чечилбесе да, көмүрдүн баасын арзаныраак кылышса жакшы болмок.

Айгүл Жаратова, мугалим, Жалал-Абад:
– Былтыр кышында суук күч болгондуктан, даярдыгымды суук тоготкон эмес. Отунум түгөнүп калып кыйналгам. Быйыл, болгону, 6 кап көмүр сатып алдым.Кыш жакындаганда көмүр аябай кымбаттап кетет.
4 балам бар. Мугалимдин айлыгы менен жашап келем. Былтыркыдай суук болсо эмне кылам, билбейм?..

Патила Жусуева, пенсионер, Ош:
– Биздин элде «отуну көп бай адам» деп айтылат. Менин байым кышкыга отунду көп даярдайт. Тоюттарды камдап, отун-сууну даярдап, шартты бекемдеп алдык. Балдарыма да отунду көп камдагыла деп жатам. Толук даярбыз деп айта албайм. Себеби май, ун, чай дегендер бар, балдар баарын камдап беришет, биз «режиссёр» катары көзөмөлдөп турабыз.

Ырысбек Бактыбеков, экономист, Бишкек:
– Мурун көп кабаттуу үйдө тургандыктан, кышында отун даярдамай деген маселе жок болчу. Азыр жер үйдө турам. Үй-бүлөмдү жылуулук менен камсызкылуу үчүн көмүр сатып алыш керек. Көмүрдүн кымбаттап жатканын уктум, бирок өзүм базарга барып көрө элекмин.

Бактыгүл Жумабаева, пенсионер, Нарын:
– Нарында эч ким даярдана элек болуш керек. Көмүрдүн бир тоннасы 3500 сом дешүүдө. Электр энергиясына кыш айыныкын алдын ала төлөгүлө деп жатышат. Кышка эч кандай даярдыгым жок азырынча. Суук түшө электе даярдансак жакшы болмок. Акча болбосо кайдан даярданабыз?

Айгүл Матиева, сатуучу, Талас:
– Көмүр, отун дегенди эми алабыз. Алар болсо кымбат. Үйдөгү эски мешти алмаштырып, жаңысын койдуруп жатам. Анткени жарыкты үнөмдөө үчүн мешке тамак бышыруу керек. Анын үстүнө жарык да кышка жакын көп өчө баштайт эмеспи.


Каламбек Маккамов, мугалим, Баткен:
– Кышка даяр элебиз. Анткени биз кыштан электр жылыткычтары менен чыгабыз. Үй-бүлөм 6 кишиден турат. Көп жылдан бери эле ушинтип жашап келебиз. Жарык өчсө, ашып кетсе 1 сутка жок болот. Андайда туугандарыбызга барып турабыз.


Айдай Асанбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Rostov-on-Don
2012-10-01 19:21:07
Каламбек байке бейкапар го
0
Ханбийке
2012-10-05 01:00:52
Rostov-on-Don, вахахаха точна!
0
aidinaernur
2012-10-01 19:47:48
Туугандары кантип атты экен кышка карата
0
historic
2012-10-01 19:56:15
Арстан мырза кыш оор болот дептирби?
0
Asyl_Kg
2012-10-02 00:11:09
Бул деген башталышы, кызыгы али алдыда. Так что тезегинди тере бер......
0
AFRODITA-89
2012-10-03 13:05:26
азыр эле кечинде кыштай суук болуп ататго элдер уже уйлоруно от жага баштаптыр кышта кантээр экенбиз мен суукту жана кышты аябай жаман кором мага кыйын болот окшойт ушуп...
0
zilish_kg
2012-10-04 15:34:57
Баткенде комур качан арзандаааааааааааааааааааааааайт?
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан