Ильяз Абдыразаков:«БИЗ АЛА ЖИПТИ АТТАБАЙБЫЗ, ЖӨН ЭЛЕ СЕКИРЕБИЗ»

Чыгармачыл чөйрөдө Ильяз Абдыразаковду көпчүлүк Малыш деп эркелетип, ага кичинекей баладай мамиле кылышар эле. Ильяз чоңойду.Учурда бир баланын атасы. Ошентсе да дале бала мүнөзүнөн жанбаган ырчы күйөрмандарынын суроолоруна түз байланышта жооп берди.

Назира,Орусиянын Москва шаары:
– Саламатсызбы, Ильяз, бешик бооңуз бек болсун! Ата болуу кандай экен?
-Саламатчылык. Рахмат. Ата болуу ырахаты айтып бүткүс сөз. Баламдын жытына мас болуп, дагы эле соолуга албай жүрөм.

Гүлжан, Хайдаркен айылы:
– «Неге?» деген ырыңыздын жаралуу тарыхын өзүңүзгө байланыштуу деп айтышат. Чын эле бул ыр сизге тагдырлашпы?
-Ал ырымдагыдай өзүмдүн жашоомдо арманым деле жок.

Асел,Бишкек шаары:
– Сиз тууралуу «жубайы Медина менен таарынышып кеткен» деп айтып жүрүшөт, чынбы?
-Жок, таарынышпай эле, ажырашпай эле турам. Балабыздын кыркы чыкканча Мединаны ата-энесиникине жөнөткөнбүз, тыңып келсин деп. Ошондон улам да аны төркүнүнөн көргөндөр ушундай сөз чыгарып алышкан окшойт.

Назгүл,Кара-Балта шаары:
– Жубайыңыз Медина «Ильяздын чечкинсиз экенин турмушка чыкканда гана билдим» деп интервью берди эле. Буга сиздин комментарийиңиз...
-Ильяз чечкиндүү эмес» дегенге кошулбайм. Эгер мен чечкиндүү болбосом, анда Мединага үйлөнбөйт болчумун.
– Чет жакта жүргөн тааныштардан угам, «биздин ырчылар ал жакка барганда
10 кыргызды чогултуп алып деле концерт коё беришет» деп
.
-Биз чет өлкөлөргө концерт койгону өз демилгебиз менен эле кете бербейбиз. Ал жактагы атайын диаспоралар же жеке адамдар концертти уюштурушуп, бизди чакырышат. Менде андай учурлар болгон эмес.

Айдана,Сокулук району:
– Ильяз байке, мен сизди аябай сүйөм. Сиз үчүн баарына даярмын. Эгер келинчегиңиз макул болсо, экинчи аял кылып аласызбы?
-Ха-ха, жакшы дос болуп жүрбөйлүбү? Экинчи аял кылып алам деп айта албайм. Анткени аны жогору жактагылардан сураш керек :)

Эльвира,Балыкчы шаары:
– «Ала жипти аттабаган эркек – эркек эмес» дешет. Буга сиз кошуласызбы?
-Биз ала жипти аттабайбыз, жөн эле секиребиз, ха-ха. Кыжалат болбоңуз, баары жайында, ала жипти аттабайм.

Шейшенкүл,Жалал-Абад шаары:
– Стилисттер менен иштешип, стилиңди өзгөртүү тууралуу ойлонуп көрдүң беле?
-Адамга жаккан нерселер бул дүйнөдө аз эле. Мага сулуу болуп жасанып, сахнага же эл алдына чыгуу көп жага бербейт. Жөнөкөй эле болгон жакшы. Ырчылардын жашоосу оңой эмес. Жолдо эле жүрөсүң. Ал жөнүндө, балким, кийинчерээк ойлонобуз. Азыр стиль тууралуу ойлонууга колум бошобой жатат.

– Сенин иниң да ырдап жүрөт. Ырларын уксам, аябай деле суктандырарлык үнү жок экен. Же ал сен түзүп койгон Абдыразаков деген фамилияны колдонуп жатабы?
-Иним башка эле иштер менен алек болуп жүрөт. «Байкабай» бир-эки ыр жазып алыптыр. Ырчы болоюн деген деле ою жок.

Медер,Тоң району:
– Аялым эркек бала төрөп бергенде ыраазычылыгымды билдирип зер буюм белек кылгам. Сени жубайың уулдуу кылганда эмне белек бердиң?
-Азырынча эч нерсе бере элекмин. Жакшы белек кылуу оюмда бар.

«Супердин» суроолору

– Бизге берген акыркы интервьюларыңда бир кезде продюсерлик кылып жүргөн Баяке Чааровго нааразычылыгыңды, аны издеп жүргөнүңдү айттың эле. Таптыңбы?
-Баяке Чааров менен менин ортомдо чечилбеген маселелер бар. Бирок ошондон бери жолуга элекмин. Угушума караганда, шаарда эмес экен. Артынан сая түшүп деле издей элекмин. Кыскасы, «эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» дегенге ишенем. Баяке мага айтпастан эле Москвага концертти уюштуруп, анан акчаларын чогултуп алып кетип калган, жөн жерден эле мени карыздар кылып. Анан күйөрмандарымдан уялганымдан Москвага барып бекер концерт коюп келдим.

– Мүнөзүң жумшак экенин билебиз. Ошентсе да кээде жиниң катуу келгенде жубайыңа бир тиймейиң жокпу?
-Аялына кол көтөргөн эркектерден эмесмин. Жиним катуу келсе, сөз менен тарбиялоого аракет кылам.

– Кайнене-келин ортосунда кер-мур болуп кеткен учурлар болсо, кимге көбүрөөк жан тартасың?
-Андай болбой эле койсун. Кимиси туура болсо, ошол жакка тартам.

– «Чыгармачылыгына апасы менеджерлик кылат» деген кептин чындыгы барбы?
-Башынан эле продюсер же менеджер менен иштешип көргөн эмесмин. Баяке Чааров менен деле атайын келишим менен иштешкен жокпуз. Апам менеджерлик кылбайт, «балам, тиги жакта тоюм бар дедиң эле, унутуп калба» деген эскертүүлөрүн гана айтып турат.

Ильяз Абдыразаков
www.super.kg
сайтына келип түшкөн суроолорго да жооп берди.

NADUW:
– Эмне үчүн эл аралык сынактарга катышпайсыз? Мисалы, «Жаңы толкун» сынагына.
-Мурда сынактарга катышып жүрүп шагым сынган учурлар көп болгон. Ошондон кийин өзүмө сөз берип койгом, катышпайм деп. Мисалы, былтыр эле кайсы бир телеканал өткөргөн сынакка катышпайм десем болбой суранышты эле, катыштым. Анан таптакыр туура эмес баалап коюшту.

Suiuktuu:
– «Орусияда гастролдоп жүргөндө «чёрныйлар» кармап алып бир күн кечке ырдатышыптыр» деген сөздүн чын-бышыгы канча?
-Жок, мындай абалда калган эмесмин. Андай адамдар кездеше элек.

Cholpon555:
– Келинчегиң Мединанын сага таарынып үйүнө кетип калган учуру болду беле?
-Ооба, таарынып кетип калып, эки күндөн кийин таарынычы жазылып, өзү келген. Мен барып алып келип же өкүл аталарыбыз табыштырган бир-эки учур болгон. Өтө чоң деле таарыныч боло элек. Мисалы, кээде ооруп калганда эс алып келүүгө ата-энесиникине жиберем. Андайда телефон чалбай калсам деле таарына берет.

maks100589:
– Ильяз брат, кандайсың? Мен сенин жубайың Мединаны жактырчумун. Ал сага турмушка чыккандан бери ичим жалын, сыртым чок. Эгер мага мүмкүнчүлүк берсең, аны менен бир жолугуп, жөн гана сүйлөшкүм келет...
-Мм, тамашакөй жигитпи, эмне? Медина менин өмүрлүк жарым болгондуктан, экөөнүн жолугуп сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк бере албайм. Эми жигит өлүп баратса, мүмкүнчүлүк берет болчумун, өлбөгөндөн кийин чыдап эле жашай берсин да.

ХАНЗАДА:
– Өзүңө суроо берип көрдүң беле, «Азаптан» бери хит ыр чыгара алдымбы? Эгер жок болсо, неге?» деген. Балким, чыгармачылыгыңа үй-бүлөлүк маселелер, түмөн түйшүк себепкер болуп жаткандыр?
-Мен ырларды акырындап чыгарганды жактырам. Кечке эле хит ырларды ырдай берсем, угармандар да тажап кетишет го :) Жан дүйнөмдү түрткүлөгөн саптар өнө элек окшойт.

AshatMJ89:
– Ильяз, сенин ырларыңдын обондору көбүнчө плагиат деп угам. Буга кандай жооп бересиң?
-Өзү 7 эле нота болсо, анын ичинен ыр чыгарыш деле оор. Ооба, кээ бир ырларда окшоштуктар кездешүүсү мүмкүн. Бирок аны толугу менен плагиат деп ойлоп калуу туура эмес. Кээде бир жакшы чыгарманы угуп таасирленип, анан үйгө барып жазсаң, ошого окшошуп калышы да ыктымал. Кээде жагып калган чыгарманын кайсы бир кайрыктарын атайылап оригиналдуулук үчүн кошуп коюшум мүмкүн.

Asecha:
– Үйлөндүң, бирок кээде көз кысып тийишип калган кыздар жок эмес болуш керек. Мындай абалдан кантип чыгасың? Же...
-Эч ким деле көз кыспайт. Эгер кимдир бирөө көз кысса, мен деле кысып коём да, кете берем.

– Деги жиниң келген учур болобу сенде?
-Ооба, менин да жиним келет, бирок чанда. Мисалы, ачка болгондо курсагым экөөбүз курулдап калабыз :)

Барби:
– Казактар сенин ырларыңды которуп ырдашабы же сен алардын ырларын которуп, бизге хит кылып жатасыңбы?
-Биздин ырлар жагып калса, казактар которуп ырдап калышат. Кээде алар да «биздин ырларды которуп ырдабайсыңбы?» деп, чыгармаларын сунушташат.

Perika:
– Бардык жаштардай эле интернет менен доссуңбу?
-Интернет менен дос эмесмин, жөн гана таанышмын. Интернетке көп кирбейм. Бош болуп калганда эле баш бакпасам.

Асылжан:
– Ата болушуң жашооңо өзгөртүү киргизе алдыбы, болсо кандай?
-Албетте, ата болуу менин жашоомо чоң бурулуш киргизди. Эң биринчиден, мойнума жоопкерчилик илинди. Мурун өзүмдүн башымды ойлосом, азыр баламды, келечегимди кошо ойлойм. Бир мамлекетти карагандай эле жоопкерчилик экен десем да болот.

Бахияна Сатылганова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ильяз Абдыразаков: "Биз ала жипти аттабайбыз, секиребиз" 1- бөлүк
Ильяз Абдыразаков: "Биз ала жипти аттабайбыз, секиребиз" 2- бөлүк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
nelli
2012-10-01 18:39:04
ала жипти секиребиз дегени жакты да))))))))))))
0
Mika5
2012-10-01 19:13:09
Бактылуу болунуз! Ишинизге ийгилик!
0
Jamalym
2012-10-01 19:26:28
Дагы 2-3жылдан кийин турмушунар оз нугуна тушуп кетет ага чейин таарынычтар болуп турушу кадимки эле корунуш.Эн негизгиси бактылуу болгула.
+1
litpa
2012-10-01 22:48:15
Аялы ооруп калса торкунуно жоното бергени жаман экен, озу эле дарыгерге корсотуп, же уйдон жардамчы болуп эле айыктырып албайбы.. Кызык... Же аялы ооруса эле торкунуно кете берет болду бекен?:))
-1
FERA
2012-10-02 01:04:32
мен ойлоп калам Ильяз апасынын созунон чыкпаса керек
0
77777
2012-10-02 09:29:51
azamat iliaz, jonokoilugu mn ayiramalanat.inorun ossun
0
benka80
2012-10-02 09:50:37
ийгилик ырдаганын жагат
0
atyrulan
2012-10-02 15:09:40
Нарында кызы балалуу болсо, тынытып кыркын чыгарып беруу жок. Аны кайын журт карайт.
0
Danita
2012-10-02 21:42:38
Красссавчик !!!!
0
Murok
2012-10-03 13:18:22
молодецл
0
ksb
2012-10-04 12:25:15
Эзилип эмне деп жооп берет озу,кишини тажатып жиберет экен .Ырчылар деген коп интервью берип,чечен болуп калышат го,бул болсо дагы деле суйлой албайт экен.Так,четко,кыска-нуска жооп берсе ,эзилбей.Журналист бала жоопторду зоргодон сууруп алып жатты.А так таланттуу бала,соз жок.
0
mirzaiym5.7
2012-10-04 16:00:19
Жонокой жана жакшы бала... Ийгилик!!!
0
ANASA
2012-10-05 01:27:34
Жакшы жооб берибтирсин,окуб кулуб жатам.Ошто Ноокатта киного чогу тартылганбызго ошондо байкагам тамашакой,жонокой жигитсин.Ишиние ийгилик.Сенин чыгармачылыгын оркундоб онуго берсин.
0
uulkyz
2012-10-06 21:01:55
abdan charcagan korunot toylordon es aluuga ubakit bolboy atkan go
0
kus88
2012-10-07 01:31:27
Бактылуу бол!бешик боо бек болсун!уулундун омуру менен акылын чогу берген болсун Аллахым!
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан