Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык жана жергиликтүү Кеңештердин шайлоо күнү деп 25-ноябрды белгиледи.
Бул добуш берүү кийинки парламенттик, президенттик шайлоонун тагдырын чечет.
ФАВОРИТТЕР...
Жергиликтүү Кеңештердин шайлоосу республикалык алкакта маанилүү. Ошентсе да чыныгы айыгышкан күрөш Бишкекти алуу үчүн жүрөт. Биринчиден, калкынын саны көп, бул электорат дегенди билдирет. Экинчиден, өтө чоң каржы булактары дал ушул борбордо, демек, бул кийинки шайлоого даярдык жана мүмкүнчүлүктөр. Үчүнчүдөн, Бишкек шаардык Кеңешке шайлоодо көп мандатка ээ болгон партия шаар башчысын тандайт.
26-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев телеканалдарга берген маегинде учурдагы шаар башчысы жана КСДП фракциясынын жетекчиси менен болгон сүйлөшүүлөрүнө токтолуп, «мейли КСДП эң аз мандатка ээ болсун, мейли такыр эле илинбей калсын, бирок шайлоонун таза өтүшү КСДПнын жана учурдагы шаар башчысынын жеңиши болот» деп билдирди. Ага карабастан, Бишкек шаардык Кеңешке шайлоодо дал ушул партия фаворит катары бааланууда. Шаар башчылык мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз калганда Иса Өмүркулов да билек түрө ишке киришип, шаардын тургундары менен жолугушуп, активдүү иштеп жатканын көрсөтө баштады.
КСДПдан тышкары бир нече партия борбор калаанын башчылыгын алабыз деген дымак менен турган кези. Алсак, «Ар-намыс» жана «Республика». Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылык креслодон чуулгандуу чыр менен кетип, көлөкөгө өткөндөй болгон. Бирок бул убактылуу гана. Бишкек шаардык жана жергиликтүү Кеңештерге шайлоого катуу даярдык көрүп, ал аркылуу саясий трибунага кайтуу үчүн да бүт күчтү сарптаары турган иш. «Республикадан» шаардык Кеңешке мурдагы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев, «Учкун» ААКсынын экс-башкы директору Кубат Болотканов катышары айтылууда. «Ар-намыс» алдын ала мэрликти Өмүрбек Суваналиевге ыйгарып, «алга» деген аскердик буйрукту генералга берүүгө жетишти. «Ата Журт», «Замандаш», «Ак шумкар» партиялары да шаардык Кеңештен орун алууга кызуу киришишти.
«Ата Мекенге» келсек, ал 22-сентябрда өткөргөн жыйынында шайлоо тизгинин да, жүгүн да жалаң жаштарга тапшырды. Партиянын Бишкектеги шаардык уюмун жетектөөгө учурдагы Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Камалдин Токтосартов бекитилип, анын орун басарлары катары депутат Наталья Никитенко менен экс-депутат Гүлниза Бейшенбаева дайындалып, 15тен кем эмес мандат алуу тапшырмасы берилди. Өмүрбек Текебаев жетектеген партия бийликтин канын жаңыртып, жаштарга орун бошотуу салтын бул шайлоодо да улантмакчы.
СЕРЕПЧИЛЕР САРЕСЕБИ...
Серепчилер чөйрөсү 25-ноябрь өлкөнүн кандай багытта бара жаткандыгын аныктайт дешет. Анын жыйынтыгы парламенттик системдин кантип иш алып барып жатканын: өлкө демократиялашууга сапар тарттыбы же бийлик кайрадан бир колго топтолуп калдыбы, ошону көрсөтөт.
Маалымат үчүн: Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо 416 айыл өкмөтүндө жана 25 шаарда жүргүзүлөт. Анда 441 жергиликтүү Кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык Кеңештерге 7 пайыздык тосмо коюлган. Эгерде партиялардын ичинен бирөө да бул тосмодон өтө албай калса, мандаттар эң көп добуш алган үч партиянын ичинде бөлүнөт. Бишкек шаары боюнча 45 мандат бар.