Өткөн аптада Жогорку Кеңеште «Туугандык байланыштарды ачыкка чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору көтөрүлгөн. Мыйзамдын максаты – мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктердин туугандык байланыштарын ачыкка чыгаруу. Жашырып койгондорго атайын айып салына турганы да айтылган. Адегенде депутаттар арасында талкууга коюлуп, кубаттаганы да, «бул мыйзамдын өтө деле зарылчылыгы жок» деп каршы чыккандары да болду. Сыягы, тууганы көптөр былыктарынын билинип калышынан чочулашты. Ошону менен мыйзам долбоорунун тагдыры ары же бери чечилбей жым болгон. Мыйзамдын демилгечиси, депутат Дастан Бекешевге кайрылсак: «Мыйзам депутаттардын талкуусуна коюлуп, ага сын-пикирлер айтылды. Эл өкүлдөрүнүн 50 пайызы колдоп, 50 пайызы каршы болушту. Эми анын тагдыры добуш берүүдө чечилет»,- дейт. Талкууда эл өкүлдөрүнүн жарымы гана колдогон мыйзам, добуш берүүдө деле шыр өтүп кетиши арсар. Эгер өтсө, кайсы чоңдун тууган-туушканы кайсы кызматтардын «майын чыгара» иштеп жатканынан эл кабардар болуп турмак.