Кыргыздын көзгө басар сыймыгы Айтматовдун классикага айланган чыгармаларын бүт аалам окуп, менмен деген сынчылар таазим кылышат. Улуу жазуучубуздун жубайы Мария Айтматова жолдошунун иш бөлмөсүнөн жарыкка чыга элек романынын кол жазмасын таап алганын кызы, ЖКнын депутаты Ширин Айтматова билдирди.
«Атам биз таап алган романын мурун эле жазса керек. Биздин оюбузча, бул чыгармасы 1970-жылдары жазылган. Барактары да саргайып кетиптир. Азыр алардын бардыгын көчүрүп, электрондук вариантка өткөрүп койдук. Бир жылдын ичинде орус тилинде басып чыгарабыз»,- деди Ширин Айтматова.
Роман «Жер жана чоор» деп аталат. Чыгармада Чоң Чүй каналы курулуп жаткан мезгил, башкы каармандын сезимдери сүрөттөлөт. Бул роман менен бирге Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек кыска повести да табылганын жазуучунун кызы кошумчалады.