ЖКнын депутаты Садыр Жапаров 2012-жылдын февралынан бери «Кумтөр» кенине байланыштуу комиссияны жетектеп, чуулгандуу талкуулардын чордонунда жүрөт. Жапаров 20-июнда кенди текшерүү иштеринин жыйынтыгын ЖКга өткөргөн. Депутаттын «Кумтөр» кыргыз элинин кызыкчылыгына иштесин» деген долбоору колдоо тапкан эмес. Мамлекеттик комиссия да өз бүтүмүн чыгара элек.
Өткөн аптада Баш прокуратура С.Жапаровго каршы кылмыш ишин козгогон. «Максим Бакиевге таандык имаратты арзан баада сатып алып, алдамчылык иштерине аралашкан» деп шектелген депутат муну «Кумтөрдүн» жашыруун сырларын ачыкка чыгаргандыгына байланыштырууда. Прокуратура Жапаровдун кылмыш ишинде эч кандай саясий боёк жок экендигин билдирген. Мунун баарынан кийин эл өкүлүнүн жалгыз жолу калганбы, ал 3-октябрда «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрмөй болду.