Кылычбек Султанов, Социалдык өнүгүү министри:«КЕДЕЙ КЕЙПИН ЖАМЫНГАН БАЙЛАРДЫ АЧЫККА ЧЫГАРАБЫЗ»

Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султанов "24.kg" маалымат агенттигинин кабарчысы Жазгүл Масалиева менен маек курган. Анын толук вариантын сунуштайбыз.


Мамлекеттик кызматтын иштөө тартибине качан көнөм, билбейм. Эч нерсеге жетише албай жатам”,- деген даттануу менен 36 жаштагы жаңы министр Кылычбек Султанов маектешүүгө кечигип келгени үчүн ыңгайсызданып, кечирим да сурап жиберди. Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитинин ээси “бардык маселелер менен дыкат таанышууга жетишпей жатам” дейт. Айрыкча мамлекеттик кызматта бир учурда бир нече ишти алып баруу кыйынчылык туудурарын айтат. “Бизнесимде бир маселени түбүнө чейин чечип, экинчи ага кайрылбай турган болгондо гана кийинкисин баштачумун. Бул жакта баарын бирден алып баруу менен кээ бир иштер үстүртөн каралып калууда”,- деп 12 күндүк ишине канааттанбаган түр көрсөттү.
Ал арада жардамчысы сөзгө аралашып, жарым сааттан кийин вице-премьер-министр чогулушка чакырганын маалымдады.

– Ушинтип шашылыш өкмөткө чакырып калат экен. Жогорку Кеңешке барууга туура келет. Ал жерде жыйындар бир топко созулат. Ошол күнгө белгиленген жумуштарың кийинкиге жылып калат. Жумушта отуруп чеччү маселелер да бар. Алардын баарын телефон аркылуу чече албайсың.

– Анан эмне максат менен ишкер Кылычбек Султанов бул орунга макул болду?
- Ишкерлер эмне үчүн мамлекеттик кызматка келиши мүмкүн? Албетте, бул жерде акча кызыкчылыгы жок. Максатым - жетекчи катары жакшы сапаттарымды көрсөтүү. Тажрыйба алып, мүмкүнчүлүктөрүмдү колдонуп, элдин батасын алуу. Андан сырткары партиянын аброюн көтөрүү үчүн салым кошуу. Азыр партия артында бир эле киши турат дегени менен, иш жүзүндө колдогон эл болбосо, ал партия парламентке эч чыга алмак эмес. Чыкса да аты гана бар партия бойдон калмак.

– Министрдин эмгек акысы канча экен?
– 18 миң сом. Албетте, бул аз. Мен менеджер катары өзүмдүн жана башка министрдин эмгегин кеминде 100 миң сомго бааламакмын. Себеби ошончолук иш оор, анан калса убакыттын кысымында иштейт экенсиң.

Анткен менен ишкер, сиздин партиялашыңыз, мурунку министр Равшан Сабировго коюлуп жаткан айыптар бизнес өкүлдөрү мамлекеттик кызматта акча кызыкчылыгын көздөйт деген бүтүмгө түртөт...
– Алгач Равшан Сабировдун айыбын далилдеш керек. Мен анын пара алганына ишенбейм. Себеби Равшан колунда бар адам. Мыйзамды бузуп, келечегин тобокелге салып, анча акчага азгырылар адам эмес ал. Андыктан анын иши атайын жасалган болушу мүмкүн. Балким, кайсы бир учурда шайтандын азгырыгына киргендир...

– Кантсе да майып балдардын тагдырын тобокелге салып, жеке чөнтөгүнө акча табуу - өтө адамгерчиликсиз көрүнүш. Социалдык өнүгүү министри калктын эң бир аяр катмары менен иш алып барат. Министр биринчи кезекте кандай сапатка ээ болушу керек?
– Адамгерчилик бул - бардык адам баласынын башкы сапаты. Ал эми бул министрликти жетектөөдө, албетте, мамлекеттин жакыр жашаган жарандарынын, кары-картаңдардын, майыптардын абалын, жашоосун түшүнө билүү керек. Бул жерде министр эсепти да билүүсү абзел. Анткени дайым эле өкмөт биз талап кылган каражатты бөлө албайт. Менимче, азыр Социалдык өнүгүү министрлиги болуп атын өзгөрткөнү менен, дагы эле социалдык коргоо менен гана алек болуп жатыптыр.

– Министрликтин быйылкы бюджети 5,7 миллиард сомду түзүптүр. Бул муктаждыктарды камсыз кылууга жетиштүүбү?
- Жетишсиз. Бул жерде кеп акчанын көлөмүндө эмес. Акча канча болсо да аз боло берет. Азыркы социалдык саясаттын элге да, мамлекетке да пайдасы жок. Мамлекет эптеп эле жарыбаган акчаны төлөп кутулуу аргасын көрсө, үй-бүлөлөр да өзүн алдоого аракеттенүүдө. Мисалы, жөлөк пул 580 сомго көтөрүлөт. Азыр 370 сом. Бала айына кантип 580 сомго жашасын? Андыктан бул тармакта толук инвентаризация жасоону сунуштап жатам. Бул тармакта да жемкорлук бар болсо керек. “Министрликтин аймактагы башкармалыктары аркылуубу, жөлөк пул ага муктаж эмес үй-бүлөлөргө да берилүүдө” деген сөздөрдү угуп жатабыз...
Андыктан, биринчиден, жөлөк пул алган ар бир үй-бүлөнү тактап чыгыш керек. Буга мен маалыматты тапшырган кагаздардан сырткары жеке текшерүү, коңшуларынан маалымат топтоону да сунуштап жатам. Ошондо биз “өлүк жандарды”, кедей кейпин жамынган байларды ачыкка чыгарабыз.

– Ооба, даректүү жардам берүү боюнча сунуштар сөз жүзүндө бар. Бирок азырынча ишке аша элек го?..
– Даректүүнүн ордуна мен адам башына каржылоону ишке ашырууну сунуштайм. Бул, албетте, бир жыл ичинде ишке ашпай турган келечектеги пландар. Анда биз социалдык төлөмдөрдү айыл өкмөтү аркылуу ишке ашыра алабыз. Бир айылдын 20 миң калкы болсо, ар бирине бирдей каражат бөлүп беребиз. Анын канчасын жөлөк пул катары төлөйт. Канчасы майыптарга төлөнөт. Аны айыл өкмөтү чечет. Калганын айылда ишкана ачууга жумшаса болот. Жумуш орун ачылат. Айыл тургундарынын кирешеси көбөйөт. Жыл өткөн сайын социалдык жардамга муктаждардын саны кыскарып, калгандар көбүрөөк өлчөмдө жөлөк пул алып калышат. Балким, байыган айылдарга башка айылдын тургундары “бул жерде жөлөк пул көбүрөөк экен” деп көчүп келе баштайт...
Азыр айлык кирешеси эң аз деңгээлдегилер калктын 40 пайызын түзөт. Биз алардын санын 40-50 миң адамга жеткирсек, өкмөт үчүн чоң жетишкендик болот. Социалдык жардамды майыптар, жетим-жесирлер, кары-картаңдар алышы керек. Алты саны аман туруп, өкмөттөн акча алгандарды кескин кыскартуу зарыл.

– Дагы кандай реформалоо күтүлөт?
– Мен электрондоштурууну бүтүрүү зарыл деп эсептейм. Бул эл аралык уюмдун эсебинен ишке ашууда. Бизде социалдык жардамга муктаж жарандардын бүт өлкө боюнча электрондук түзүмү пайда болуп, бирдиктүү маалыматтык булак түзүлөт. Бул жыл аягына чейин бүтөт.

– Бишкек шаарындагы карылар үйлөрүнө барып көрдүңүзбү? Шарты абдан начар. Ошол эле учурда ички тартиптин жоктугу боюнча да айтылып жүрөт. Ал жерде байкуш ата-апалар көчөдө калбаш үчүн гана күн өткөрүшөт...
– Жок, азырынча барганга убакыт болгон жок. Бирок мен, сиз айткандай, азыр элестетем, карылар үйүндө да башкарууну өзгөртүү керек. Мен, негизинен, мамлекеттик кызматка бизнесмендерди тартуу туура деп эсептейм. Эми Кыргызстанда жеке чөнтөгүнөн сырткары жашаган өлкөсүнүн келечегин ойлогон ишкерлер да бар. Ошолорду мамлекет үчүн иштеп берүүгө тартуу керек. Бир ишкананы өнүктүргөн ишкер кайсы бир мамлекеттик мекемени да кирешелүү тармакка айлантпаса да, шартын жакшыртып, өзүн өзү актай тургандай кылып бере алат.

– Коомчулукта орун басарыңыз Эдил Байсалов менен салыштыруу бар. Ал сиздин ордуңузда да (милдетин аткаруучу) иштеп калбадыбы. Анан да “бул орунга бейөкмөтчү, бир нече тилди билген Эдил Байсалов татыктуу беле же мыкты менеджерлердин бири Кылычбек Султановбу?” деген суроо да коюлат. Кантип иштешип жатасыздар?
– Эми бул менин менчик ишканам эмес. “Муну менен иштешем, тиги менен иштеше албаймын” деп тандабайм. Иштин кызыкчылыгы менен гана иш алып барабыз. Келгенден бери Эдил Байсалов тарабынан да каршылык байкаган жокмун. Менимче, экөөбүздө тең андай каршылыктарды, тирешүүнү байкоого убакытыбыз жок. Министрликтеги акыбал азыр бүт өлкөгө белгилүү.

– Ошол министрликтин атын жемкорлуктан актап, мындай ички жат көрүнүштү чечүү жолу барбы?
– Бул жерде ооруну аныктоо керек. Ошого жараша иш кылабыз. Кээ бир жарандар жемкорлук менен күрөш көз боёо үчүн жүрүп жатат десе да, мен азыр мамлекетте жүрүп жаткан күрөшкө ишенем. Аз болсо да жемкорлорго сес көрсөтүлүп жатат. Ошондуктан пара алып көнүп калган айрым мамлекеттик кызматкерлер өздөрү туура жолго түшөт деп ойлойм.
Министрликтин ичинде жемкорлук жок деп айта албайм. Биз анын пайда болуусуна шарт түзгөн тутумду өзгөртүшүбүз керек.

– Азыр ачыкка чыккан жемкорлук түзүмү эл аралык асыроо менен байланыштуу болууда...
– Ооба. Себеби чет элдик уюмдарда акча бар. Алардын акчалуулугу биздин бюрократияны жеңип, кылмыштуу жагдайды пайда кылууда. Андыктан ички бала асыроо боюнча түзүмдү жакшыртышыбыз керек. Балким, ошондо эл аралык асыроо анчалык актуалдуу деле болбой калар. Менин азыркы байкоом боюнча, ички асыроого жасалма тоскоолдуктар түзүлгөн.

– Бирок эл аралык асыроого жалаң майып балдар алынат да. Себеби Кыргызстанда майып балдарды багып алышпайт...
– АКШ, Европа калкы биздей эле адамдар. Алар мүйүздүү же төрт кулактуу эмес. Туура маалымат берсек, алар асырап алган баланы Кыргызстанда да багып алышат.

– Демек, жаңы министр эл аралык асыроого каршы деп түшүнсөм болобу?
– Мен каршы эмесмин. Болгону, алгач ички асыроого кенен жол ачып, андан кийин чет элдик уюмдар менен иштешишибиз керек. Ал эми асырандыга алынган балдар бой жеткенче мамлекеттин катуу көзөмөлүндө болушу шарт.

– Анда чет мамлекеттеги бакма ата-энесин бир нече жылдан бери күтүп жаткан 60 баланын тагдырын билесиз да... Жаңы министрдин төрт жыл мораторийге алынып, андан кийин жанданбай жатып кайра токтоп калган эл аралык асыроо мындан ары ишин кандай багытта улантат?
– Белгилүү окуялардан кийин эл аралык асыроого Башкы прокуратуранын талабы менен эки айга мораторий салганбыз. Анын убактысы азыр бүттү. Катталган кээ бир уюмдардын аккредитациясы жокко чыгарылган. Биз кайрадан каттоого алуу үчүн жоболорду, талаптарды өзгөртүп жатабыз.

– Рахмат. Ишиңизге ийгилик!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kroxa
2012-10-12 10:55:44
билбейм,биздин жарды олкодо министр 100мин алса эл эмне болот.
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан