Аваз Акимов:«СҮЙҮКТҮҮМДҮ АТА-ЭНЕМ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫМ»

– Кандайсың, Аваз? Акыркы кездерде сени сахнадан эмес, чыгармачыл чөйрөнүн кечелеринен көп көрүп калдык...
«Ичип кеттиң беле?» дебейсизби, тамаша (күлүп)... Жакшы, кыйбас достордун тойлору көп болуп жатат. Кечинде бир дос кыздардыкына туулган күнгө бардым эле, азыр ошол жактан келатам, шашылып.

– Андай отуруштардын гүлү болсоң керек, ээ?
– Ооба да. Мурдатан тааныш болгондор дос катары, кийин мен ырчы атка конгондо мени менен таанышкандар жылдыз катары жакшы мамиле кылышат.

– Кайсы мамиле сага көбүрөөк жагат?
– Экөө тең эле жагат. Жылдыз болгон деле жакшы.

– Жигит менен кыздын ортосунда достук болобу өзү?
– Менимче, болбойт. Мисалы, башында доспуз деп жүрөсүң, анан майрамдарда белек бере баштайсың. Анан акырындык менен телефон чалып «кайда жүрөсүң, эмне кылып жатасың?» деген суроолорду берип, көзөмөлдөөгө өтөсүң...

– Өткөндө Нурлан Насиптин туулган күнүндө бир сулуу кызды жандап отурганыңды көрдүм. Дос кызың ошол окшойт?
– Жок, ал аяшкам болот, менин сүйлөшкөн кызым азыр Москва шаарында. Оо, ал күндү эстесем, сиздердин «Тамаша тор» жүрөгүмдү бир болк эттирген. Чынында эле корктум. Жаңжал салган олбурлуу байкелердин колунан тапанчаны көргөндө «жашоом эми эле башталып келатканда ушинтип үйлөнгөнгө да жетишпей өлүп каламбы?» деген да ой келип кетти. Ал тамашанын видеосун көргөн иним «сени желкеңден сүйрөп алыптыр го...» деп шылдыңдап күлүп жүрөт.

– Эми ал «Тамаша тор» да, чыныгы жашоодо андайды башка салбасын дейли.
– Туура айтасыз, жер-жерлерде концерт коюп жүргөндө андай байкелерге көп эле дуушар болгом. Бирок алар кеп-сөзгө келишип, сүйлөшүүгө даяр байкелер болчу эле дейм да.

– Жогоруда сүйлөшкөн кызым бар, ал азыр Москвада деп калдың...
– Ха-ха. Ал жөнүндө айтпай деле койсо болбойбу? Эми, ооба, сүйлөшүп, келечекте, балким, менин жарым болор деп көздөп койгон бир кыз бар. Орусияда жашайт. Учурда окуйт. Жайында Ысык-Көлгө келип эс алып кеткен, ошондо «Сүйүү деңизи» деген ырымдын клибине чогуу тартылганбыз. Сүйүктүүмдү ата-энем менен да тааныштыргам.

– Алыс жакта экен. Алыстык сүйүүңөргө тоскоол болот деп ойлобойсуңбу?
– Маңдайыбызга жазып, буйруп койгон болсо, кошуларбыз. Болбосо, айла жок.

– Ал кыз ошол жактан башка бирөөгө турмушка чыгып кетсечи?
– Эгер жүрөгүндө сүйүү болсо, анда башкаларга көңүл бурбайт. Андай болсо мен деле бул жактан башканы таап алам (күлүп).

– Кызганчаак эмес көрүнөсүң?
– Тескерисинче, аябай кызганчаакмын. Бирок кызганбаганга аракет кылып, ичимден өзүмдү тескеп турам.

– Ошондо сени жактырган күйөрман кыздарда «шанс» жокпу?
– «Шанс» бар да. Кантип эле? Ха-ха. Балким, мага азыркы сүйлөшүп жүргөн кызым жубай болоттур... Мүмкүн, жубай болчу селки жанымда жүргөндүр, байкалбай...

– Анан качан үйлөнөйүн деп жүрөсүң?
– Кээде киерге таза кийим калбай калганда, бырышкан кийим кийгенде же кетерде чечип кеткен кийимиң келсең дагы деле ордунда жатканын көргөндө үйлөнүш керек деп кетем. Бирок мен үйлөнүүгө азыр даяр эмесмин, жок дегенде дагы 3 жыл убакыт керек.
Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, эжем менен байкем үй-бүлө күтүшкөн. Экөө тең Казакстанда жашашат. Быйыл кичүү иним да мектепти аяктап, шаарга келди. Айылда ата-энем жалгыз калышты. Аларды ойлоп, өткөндө «жалгыз калдыңар, келин алып келейинби?» десем, «жок, азырынча коё тур. Бизди ойлоп шашылба» дешти. Менин оюм да ошондой.

– Жакшы экен. Келечегин сени менен элестеткен кыздар үчүн айта кетсең, чарба иштерине кандайсың?
– Аябай жалкоомун, бирок колумдан чарба иштеринин баары эле келет. Кир жуубайм, үй шыпырбайм, кыз кишилердин иштерине таптакыр жокмун. Кээде гана менин жардамым керек болуп калса, чай даярдап, анча-мынча тамак бышырып коюшум мүмкүн.

– Кызыктуу маегиңе чоң рахмат!

               

Чолпон Сүйүнбаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимов: "Сүйүктүүмдү ата-энем менен тааныштырдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nuska587
2012-10-01 13:05:55
Такая красивая ДЕВУШКА!!! Бактылуу болгула)))
0
Mika5
2012-10-01 19:02:08
Бактылуу болунуз!
0
nurai92
2012-10-01 21:22:37
Мен Аваздан башкача жоопторду кутком
0
eliza_eliza
2012-10-02 18:39:53
Эгер жүрөгүндө сүйүү болсо, анда башкаларга көңүл бурбайт. Андай болсо мен деле бул жактан башканы таап алам (күлүп).Балдар суйууго туруксуз келишетгоо деп ойлоп калдым:)эгерде чындап суйсо суйуусу учун курошуш керек белээ...эми булда болсо бир жигиттердин ишеничсиздигида...
+1
ana222
2012-10-02 23:28:33
аваздын созу туура эле суйбогонго суйконбо деген бар да сени суйбосо кантип курошосун
0
tatakozy
2012-10-03 16:28:43
Жигиттер баары окшош кыздар абайлап суйлошкуло!!!!!!!
0
papanstan
2014-05-26 19:39:02
Супер инфо Аваз акимов уйлонгонбу билип бериниздерчи сураныч????катуу супанам
0
admin_media
2014-05-27 12:10:05
papanstan,
Саламатсызбы! Аваз Акимов үйлөнө электигин кабарлады.
0
papanstan
2014-05-26 19:40:08
Суранам
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан