Башталышы – 18:40
Аталышы – «Күзгү жалбырак»
Алпаруучулар – Асел Турдалиева, куудул Абды Кыдырматов
Көрүүчүлөр – Филармониянын 90 пайызы (24-сентябрь күнү)
Эң мыкты номер – Бектин аккордеондун коштоосундагы ырлары
Ырчы эмнеге концертти кечигип баштайт? Кыргызбыз да, элди күтөт. Билет сатылып кеткен, бирок келчү эл жок, анан зал толсун деп үмүткөр болуп көшөгө артында тура беришет... Ошентип, Бек Борбиевдин быйылкы жылдын эсеби менен 2-жолку концерти билетте көрсөтүлгөн убактан 10 мүнөт өтүп башталды. Көшөгөнү «Кыргызстан» деген патриоттук ыры менен ачты. «Кандайсыздар, жакшысыздарбы? Бүгүн дайымкыдай карапайым концерт болот» деп учурашты Бек. Кечигип келгенге көнгөн калк экенбиз, улам бирден, экиден жетелешип, караңгыда кайсалап орун таппай жүргөндөр концертти көрүүгө тоскоолдук кылып жатышканын сезишпеди...
Берадор «Уулуң мага окшогон» аттуу ырын аткарардын алдында «менин жашоомо тиешеси жок. Ырлар сиздердин, биздердин турмушта болгон көрүнүш, сезимдерден жаралат да» деп актанып алып ырдап кирди. Дал ушул ырын аткарып бүткөндө Бекти көздөй колуна гүл көтөрүп, уулун жетелеген айым чыгып баратат сахнага. Ушул жерде залда саамга чымындын үнү угулбай калып, анан ар кайсы бурчтан күлкү чыга баштады. Бек мырза «эмне күлөсүздөр? Уулу мага окшош бекен? Бул менин бала кезден берки досум Кымбат, жанындагы – уулу. Рахмат сага, Кымбатым» деп жылмайды.
Концертти Асел Турдалиева менен куудул Абды Кыдырматов алпарып жатышкан. Бир убакта Асел айым адатынча сахнадан түшүп элди аралай ырдаган соң алпаруучулукта Абды гана калды. Музыкалык аспаптарда Жаныш Момунов менен бирге анын командасы болду. Бул күнү жалаң гана Бек Борбиев ырдабастан, Алишер Тоотаев, Нурлан Насип, Алтынбек Алымов, Курал Чокоев, Өктөм Сапар уулу да ырдашты.
Концертти ортолой Абды Сүйөркулов атындагы фонд ырчыга ак калпак кийгизип, чепкен жаап, конверт карматты. Эми Фарида жеңебиз тойго кийит издеп убара болбойт :) Анткени Бекке концертинде эки чепкен, эки калпак түштү. Өзү иштеген «Кыргызпатенттеги» кесиптештери да чепкен жабуу салтын жасашпадыбы.
Бек кайсы гана ырын ырдабасын, «Керемет» бийчилер тобу жандап бийлешти. Бирок Ала-Тоодон алыс кетип, чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибизге арналган муңдуу ырда алка-шалка түшүп бийлештин кереги бар беле? Ушул жерин ойлонбой калышыптыр. Жаш бийчилер ырдын маанисин анча аңдай беришпейт өңдүү...
Кубик Калыков сахнага чыкпай абдан буулугуп калыптыр. Дегеним, Кубиктин куюлушкан күлкүлүү, куйкумдуу ыр саптары, макалдары бирде муютса, бирде уялтты. Уялтты дегеним, «туздуу» сөздөрдү жамактатып ийди кайран Кубик.
Бектин концертинде эң эле эл колдоп, кошо ырдаган жери дайыма аккордеон менен аваз салганы болот. Кыскасы, сахнаны жасайбы- жокпу, артисттерди чакырабы-коёбу, элге Бек кызык, ырлары жагат, ошон үчүн барат, ошон үчүн сыйлайт. Өкмөт ыраа көрбөй жүрсө да, Бек Борбиевге «Эл артистин» дал ошол эл канча жыл мурун эле берип койгон.