Өткөн санда баарыбыз жакшы көргөн «Боз салкын» тасмасындагы Бурманын образын жакшы чагылдырып берген актриса Элнура Осмоналиева менен кеңири маек курганбыз. Ал кыз кандайча тасма талаасына келип калганы, кандайча актрисалыктан режиссёрдук кесипке ооп кеткени, үй-бүлөсү, өмүрлүк жолдошу, балдары тууралуу кеп болгон. «Коопсуздук тууралуу берилген суроону жакшы түшүнбөй калып жооп бериптирмин, чындыгында, мени миллионердин жубайы деп айтууга деле болбойт»,- дейт Элнура айым.