– Сауле, өзүң кичинекей кыз болуп туруп жеке концертиңди берип жатасың. Буга эмне түрткү болду?
– Биз 1-Июнь Балдарды коргоо күнүндө балдар үйүнө барып концерт койгонбуз. Ошол жактагы ата-энеси жок, кийимдери начар балдарды көрүп менин ыйлагым келип, аларга ушунчалык жардам бергим келген. Үйгө келип айтсам, таенем менен апам: «Сенин жеке концертиңди бергенде жардам беребиз» дешкен. Бирок, концерт качан болоорун айтышкан эмес. 21-август менин туулган күнүм болчу да. Ырчы досторумдун «туулган күнүңдү сахнада өткөрбөйлүбү?» дегендери да бул концертти уюштурууга түрткү болуптур. Таенем ушинтип айтты. Эми концерттен түшкөн акчаны балдар үйүнө которобуз деп жатышат.
– Концертти уюштурууга сен кандай жардам кылып жатасың? Өзүң жок дегенде концертиңдин качан болоорун билесиңби?
– Билем. Маршруткада, көчөдө кетип баратканда элдер мени таанып, сүйлөп калышса: «7-сентябрь күнү менин концертим болот, келиңиздер» деп айтып коём. Калганынын баарын таенем менен апам кылып жатат.
– Концертиңе канча ыр менен чыгасың?
– Мурда өзүмдүн эки ырым бар болчу. Азыр концертке деп дагы төрт ыр жаздырдык. Төртөө тең дуэт. «Восточные сказки» деген ырды Алина Жетигенованын жээни Даниэль экөөбүз ырдайбыз. Даниэль экөөбүз теңбиз. Даниэлдин байкеси Элмир экөөбүздүн да дуэтибиз бар. Бирок, мага Элмирге караганда Даниэль көбүрөөк жагат. Ал жакшы ырдайт.
– Концертте дагы кандай өзгөчөлүктөр болот?
– Концертке сахналаш досторумдун көбү катышат. Мен болсо сахнага сонун кийимдерди кийип чыгам. Анан менин Хасан, Хусейин, Мухаммед деген кара досторум бар. Үчөө эгиз. Мен концертте ошол досторум менен рэп бийлейм.
– Кыргызча да ырдайсыңбы?
– Мен кичинемден үйдө орусча сүйлөп, орус бала бакчага барып кыргыз тилин жакшы билбей калгам. Ошондуктан, ырдаганда да акцентим билинип калат экен. Бул концертте кыргызча үйрөнгөнгө жетишпей калдым. Жакында «Дасмия» ресторанына депутаттардын тоюнда ырдагам. Ошондо депутат байкелер да: «Эми кыргызча үйрөнүп, кыргызча ырда дешти».
– Сенин туулган күнүңө арналган концертте кандай белек каалайт элең?
– Залга эл толтура келсе, мага ошол белек болот болчу.
Даярдаган Азиза Сатимбекова