Министрдин кызынын махабатына айланган Жоробек эсиңизде болсо керек. Жөн гана Жора деген ат менен элге таанылган актёр Аскат Эрбаев “жеке жашоомдо да Жоробекке окшошмун” дейт. Кайсы жагынан?..
– Салам, Аскат, сени элге тааныткан “Министрдин кызынын махабаты” тасмасына кандайча сунуш алып калдың? Маегибизди ушундан баштасак...
– Актёрдук жөндөмүм эмес, спорт жаатындагы талантымдын жардамы менен кастингден өтүп кеткем. Спорттун тай-цзи деген түрү менен машыкчумун. Жогоруда айтылган тасманын режиссёру мен машыккан залга келип турчу. Ошондо мени байкаган окшойт, кастингге катышып көрүү сунушун киргизип калды.
– Актёрдук талантың жок болсо, анан кантип эптештирдиң?
– Актёрдук чеберчилик жагынан ал ролума өзүм анча канааттанбайм. Жоробектин тагдырына, жашоосуна сүңгүп кире алган жокмун. Азыр ойносом, Жоробектин ролун башкача алып чыкмакмын. Эми бир учкашкандан кийин биротоло сабаттуу актёр болууну чечип, Токтоболот Абдумомунов атындагы КУАДТтын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырып, актёрдук чеберчилик боюнча билим алып жатам. Быйыл акыркы курстамын. Жакында эле чыккан “Азап” деген тасмада айдоочунун ролун жараттым. Анча-мынча клиптерге тартылып калам дегендей.
– Угушумча, режиссёрлук талантың да бар экен...
– Ооба, азырынча атын атабай турайын, толук метраждуу көркөм тасма тартып жатам.
– Бюджетин ким камсыздайт?
– Досторум жана туугандарым жардамга келишти.
– "Спортко болгон мамилем кино талаасына алып келди" дедиң. Спорт менен азыр деле доссуңбу?
– Менден улуу Салмоорбек деген байкем дайыма таңкы 5те туруп алып машыкчу. Мен да ага кошулуп тырмалаңдай берчүмүн. Бир күнү ал “эгер машыгам десең, мени менен чогуу тур да, мен айткандын баарын жаса” деп калды. “Ооба, машыгам” деп коюп балээге калбадымбы. Байкем буттарымды чоюп, турникке кечке асып, аябай кыйнайт. Ошентип жүрүп спортко кызыгып кеттим.
– Өзүң спорт менен машыксаң, тийишкендерге муштум менен эле жооп бересиңби?
– Тийишкендерди ары-бери кылып койсо деле болот. Бирок дөө үчүн бир уруп жыгып койгонго караганда кечирим сурап, өзүнүн ачуусун басуу – чыныгы жеңиш. Азыр деле мага “сен кинодо кыйынсың го, кел, күч сынашып көрөлү” дегендер болот, тийишип.
– Сен жөнүндө билгим келип жатат. Кайсы жердин кулуну, кимдин уулу болосуң дегендей...
– Балалыгым Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты деген айылда өттү. Эгерде чоң энем атамды Москвага окууга жиберип койгондо, койчунун эмес, космонавттын уулу болмок экенмин. Москвадан учкучтун окуусуна чымыр денелүү балдарды издеп келгенде атам сыноодон рекорддук упай менен өтүп кетиптир. Аны уккан чоң энем “баламды көзү көк адамдар алып кетип асманга учуруп жибергени жатышат” деп боздоп ыйлап жатып алып калыптыр. Ошондон кийин атам аскерге барып келип, малчылык менен алектенип, айылда калган экен.
Мен 9-класска чейин айылда окудум. Анан Кара-Суу районундагы гимназияга которулуп кеткем. Сүрөттү аябай мыкты тартып, музыкалык аспаптарда ойноого да шыктуу болчумун. 8 бир туугандын алтынчысымын, 3 кыз, 5 эркек. Баары үйлөнүп-жайланышып калышты. Менден кийинки иним да үйлөнүп, 2 балалуу болду.
– Иниңди алдыга өткөрүп, үйлөнбөй жүргөнүңдүн себебин билсе болобу?
– Кээде өзүмө суроо берем, “мен эмне үчүн үйлөнөм?” деген. Ошол суроомо так жооп таба элекмин. “Убакыт келди, үйлөнөм” деп эле үйлөнүп алган да болбойт. Үй-бүлө деген өтө жоопкерчиликтүү нерсе, мен ал нерседен качып деле жүргөн жокмун. Бирок жүрөгүмдө үйлөнүүгө толук макул боло элекмин.
– Ошентсе деле сүйлөшүп жүргөн кыздар бар да...
– Сүйлөшүп жүргөн кыздар азыр деле көп. Бирок ошолордун ичинен түбөлүккө жар болот деген адам жок. Мен бардык кыздарды чын жүрөктөн сүйөм. Антсем кээ бири таң калат, “эмне, сен анда бабниксиңби?” деп. Жеке менин оюм боюнча, сүйүү деген ошондой болуш керек.
– Сүйлөшүп жүргөн кыздар муну уккандан кийин “биз менен жөн эле убакыт өткөрүп жүрүптүр” деп таарынып калышпайбы?
– Эч кимиси таарынбайт.
– Тасмадагы Жора менен сенин окшоштугуң барбы?
– Кинодо Жора кримчөйрөгө аралашып кетет эмеспи, ошол жеринен башкасынын баары эле окшош. Мен да айылдан келгенде таякем окууга өткөргөн. Анда шаардык кыздар менен таанышмак тургай лекцияда отурганда “калем сабыңды берип турчу” дегенден да тартынчумун.
Кримчөйрө менен байланыштуу деле тийди-качты окуялар болуп өттү, бирок ага берилип кеткен жокмун. Биздин машыктыруучу агайыбыз айтчу, “эгер адам болом десеңер, саясат менен кримчөйрөгө аралашпагыла” деп. Ошол нерсени жүрөккө бекем сактап калган окшойм.
– Тартынчаак болсоң, Жоробектин ролундагы ачык сценаны аткаруу сен үчүн аябай кыйын болсо керек?
– Кыйын болду, албетте, Кыргызстанда биринчи жолу ушундай роль жаратып жатсам. Мен эркек болгондуктан көп деле сынга алышкан жок окшойт. Эгер кыз болсом, андай ачык кадрлары бар тасмага жоломок эмесмин. Эркек болгонум үчүн ал кадрлардан анча деле уялбайм. Актёрлук кесипти тандагандан кийин бардык ролдорду аткарууга даярбыз.
– Кошумча бизнесиң барбы?
– Жашоого жетчү бизнесим бар. Азыркы күндө бизнес кылууну ар бир мырза билиш керек деп ойлойм.
– Ишиң илгерилей берсин, ийгилик!
Аскат Эрбаев, 29 жашта
Статусу – Бойдок
Бою – 169 см
Салмагы – 58 кг
Кыздарды тандоодо – Сырткы сулуулугуна карабайт
Жактырган тамагы – Куурдак
Учурда – Актёр, тай-цзи боюнча машыктыруучу
Бахияна Сатылганова
Адилет Бектуров
star@super.kg